Маалымат

Бул портал Даниянын адам укуктары боюнча институту менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Порталды иштеп чыгууга өлкөнүн түрдүү облустарындагы мектеп мугалимдери жана директорлор да катышты. Портал Европа Бирлиги жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан кош каржылануучу «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүүлүгү – 2-фаза» программасынын калкасы астында иштелип чыкты.

Даниянын адам укуктары боюнча институту (ДАУИ) Данияда адам укуктары боюнча улуттук институт болуп саналат. ДАУИнин иши өзүнө изилдөөлөрдү, талдоо жүргүзүүнү, коммуникацияны, билим берүүнү, ошондой эле көп сандаган улуттук жана эл аралык программаларды камтыйт. ДАУИ тең укуктуулук маселелери боюнча улуттук орган болуп саналат, расасына, этностук таандыктыгына, жынысына жана майыптуулугуна карабастан анын бирдей мамиле кылууну илгерилетүүгө мандаты бар. Бул адам укуктары боюнча анча көп эмес улуттук мекемелердин бири, ал адам укуктарына таасир этүүгө баа берүү үчүн алгачкы жана кыйла көп колдонулуучу каражатты иштеп чыгып, адам укуктарын коргоодо корпорациялардын ролун аныктоого жигердүү катышкан.

Портал менен таанышууда Сиз бир нече онлайн курстардан өтүп, билим берүүдө адам укуктары темасы боюнча адабиятка жете аласыз. Сизге кыргыз мектептеринин жана окуу ченемдеринин контекстине көнүктүрүлгөн орто жана жогорку класстар үчүн даяр көнүгүүлөрдү жүктөп алууга жана басып чыгарууга мүмкүнчүлүк берилет, ошондой эле Сиз окутуу чөйрөсү менен иштеген мисалдарга жана адам укуктарынын ченемдерине ылайык окутуучу процесстин түзүлүшүнө да ыраазы болосуз.

Ырахаттанып көрүңүз!