Адам укуктары жаатындагы билим берүү (АУБ) коомдо өзүнүн жана башкалардын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо маданиятын тарбиялоонун эң маанилүү элементи болуп саналат. Адам укуктарын түшүнүү жана сактоо үчүн алардын тарыхы, мазмуну же формалары жөнүндө иш жүзүндөгү билимдерге ээ болуу жетишсиз. Адам укуктарынын системасы кандайча түзүлгөндүгүн, ал практикада кандайча иштеп жаткандыгын түшүнүү, ошондой эле адеп-ахлактык эрежелердин жана практикалык көндүмдөрдүн бүтүндөй топтомун өздөштүрүү маанилүү.
Адам укуктары жаатындагы билимдерди, эрежелерди жана көндүмдөрдү берүү процессинин өзү АУБ болуп эсептелет. Ушул бөлүмдөн Сиздер АУБ жаатындагы мугалимдер үчүн чыгарылган окуу куралдары менен таанышып, ошондой эле Өзүңүздөрдүн мектепте ушул багыттагы иштерге Сиздерди даярдай турган мугалимдер үчүн онлайн курстардан өтөсүздөр.