Бул бөлүмдө «Адам жана коом» сабагынын алкагында иштөө үчүн орто жана жогорку класстардын мугалимдери үчүн көнүгүүлөрдүн мисалдары берилген. Көнүгүүлөр адам укуктары тематикасын талдоого багытталган.
Академиялык билим берүү менен катар эле көнүгүүлөр жоопкерчилик сезимдерин, өзүнүн беделин, адилеттүүлүктү жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн зарыл болгон окуучулардагы көндүмдөрдү жана эрежелерди өнүктүрүүгө багытталган. Көнүгүүлөр түрдүү курактык топтор үчүн иштелип чыккан жана төмөнкү топторго арналган: 5-7-класстар, 8-9-класстар жана 10-11-класстар.
Ушул автордук көнүгүүлөрдөн тышкары, Сиздер окуу куралдарынан алынган көнүгүүлөр менен тааныша аласыздар – окуу куралдарына шилтеме «Адам укуктары жаатындагы билим берүү деген эмне?» бөлүмүндө.
5-7-класстар
СОЗУЛУШУ:
1 сабак
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ:
Берилген көнүгүү ар бир коомдун негизин түзгөн суроолорду талкуулоого жана өздөштүрүүгө жардам берет. Коомдун негизинде адамдын кандай муктаждыктары жана баалуулуктары жатат? Көнүгүү төмөндөгүдөй жөндөмдөрдү өөрчүтүүнү көздөйт:
- окуучулардын маалымат үстүндө иштеп, аны тизмектештирүү жөндөмү;
- окуучулардын өз пикирлерин сунуп, башкалардын пикирлерин угуу жөндөмү;
- ар түрдүү көз карашт арды эске алган чечимдерди чыгара билүү жөндөмү;
- максаттар менен талаптардын артыкчылыктарын тизмектештирүү, кандай шарттарда кайсы биринен баш тартуу мумкүн болгондугун аныктоо.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуулаганга ыңгайлуу:
5 класс: “Адамдын муктаждыктары”
6 класс: “Жеке коопсуздук”
7 класс: “Адеп-ахлактык нормалар”
Классты топторго бөлүштүрүңүз, мисалы, катарлар боюнча. Ар бир катарга күн мурун кесилип даярдалган карточкалары бар конверттер таратылат. Карточкаларда ар түрдүү буюмдар, баалуулуктар, адамдар, институттар жазылган (тизмени төмөндө караңыз).
Мугалим карточкаларда эмнелер жазылганы тууралуу айтып берет. Өзгөчө балдардын түшүнүүсү кыйын болгон түшүнүктөр жазылган карточкалардын маанисине кененирээк токтолсо болот. Мисалы, «сот институту» деген эмнени түшүндүрөт? Соттун коомдогу орду кандай? Ал кандай ролду аткарат? Же болбосо «шайлоолор» эмне үчүн керек? Алар кантип уюштурулат жана милдети эмне? Биздин коом үчүн «салт-санаанын» мааниси эмнеде? ж.б. Мугалим кошумча чечмелениши керек болгон карточкаларды өзү тандап, лекцияны класстын деңгээлине төп келген кызыгуулар жана темаларга жараша өтөт. Негизги максат – окуучулар коомдун түзүлүшү жана иш алып баруусунда маанилүү роль ойногон түрдүү баалуулуктар, институттар жана башка нерселер тууралуу толук түшүнүк алуулары керек.
Карточкалардагы түшүнүктөр мүмкүн болушунча кайсынысы негизги муктаждык, ал эми кайсынысы «люкс буюм» экенин талкуулаганга түрткү болушу кажет. Мисалы, уюлдук телефон көпчүлүк үчүн абсолюттук муктаждык болсо, кээ бири үчүн кымбат жана өтө зарыл болбогон оюнчук болушу ыктымал. Класстын деңгээли жетиштyy болуп, убакыт кенен болсо, мугалим «Маслоу пирамидасы» жөнүндө да айтып берсе болот. Анын мисалында адамдын жана коомдун муктаждыктары темасын кенен ачып берүү мүмкүн.
Кыскача лекциядан соң оюн башталат. Адегенде мугалим төмөндөгү текстти окуйт:
«Баарыңар бир команда болуп деңиз саякатына чыкканыңарды элестеткиле. Силер жаңы коом түптөө үчүн жан жашабаган ээн аралга бара жатасыңар. Жолго чыкканда, аба ырайы эң сонун, деңиз тыптынч эле. Кемеңер деңиз толкундарында жайбаракат сүзүп бара жатат.
Бир убакта катуу бороон-чапкын башталды. Толкундар кеменин ичине чабылып-төгүлүп, ал ары-бери чайпала толкундарга урунууда. Кеме чөгүп кетпей, бардыгы аман калыш үчүн силер үч буюмдан арылышыңар керек. Эмнени ыргытса болот?».
Ар бир топко суроону талкууга алып, жалпы чечимге келүүсү үчүн убакыт бериңиз. Балдар тандаган үч нерсе кайрадан конвертке салынат.
Конверттер мугалимге тапшырылгандан кийин ал сабакты улантат:
«Ай-ий! Кутулдук окшойт! Кемебиз жолун улантууда, баары жакшы. Бирок, радиодон аба ырайын уксак, алдыда дагы бороон-чапкын жакындап келатканын айтышты. Ал кемени чөктүрбөш үчүн дагы үч буюмду деңизге ыргытуубуз керек. Эми кайсы үч буюмдан куру калууга даярсыңар?».
Топтогу балдар өз ара кеңешип, дагы үчтөн карточка «ыргытышат». Мугалим улантат:
«Кийинки бороондон да аман-эсен чыктык, кеме жолун улантууда. Алыстан жер да көрүндү – силер барып, жаңы коом түптөй турган арал алдыда! Аралдын кооздугуна алаксып, жээктеги рифти көрбөй калган турбайсыңарбы! Кеме түз эле рифти көздөй сүзүп баратат. Силер тезирээк кайыктарга отуруп, жаныңарга эң керектүү гана буюмдарды алганга жетишесиңер. Талкалана турчу кемеде кайсы үч буюмду таштоого даярсыңар?».
Колунда калган карточкаларды балдар партага же катуу кагазга чапташат. Топтун мүчөлөрү кайсы буюмдарды алып калгандары жана эмне себептен ошолорду тандагандары тууралуу класска айтып бериши керек.
Ар бир презентациядан соң мугалим үч суроо узатат:
- Силер жашаш үчүн эң зарыл болгон нерселер жаныңардабы?
- Силер өсүп, өнүгүү үчүн эң зарыл болгон нерселер жаныңардабы?
- Силер жаңы коом түзүшүңөр үчүн эң зарыл болгон нерселер жаныңардабы?
Өтүлгөн теманы бекитип, аны талкууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн сабактын соңунда мугалим балдарга төмөндөгү суроолор менен кайрылат:
- Кайсы карточкаларды тандап, кайсыларын таштаарды кантип чечтиңер?
- Топ менен тил табышуу оор болдубу? Эмнеге? Топ ичинде түшүнбөстүктөр болуп жаткан учурдан кантип чыгып жаттыңар?
- Бардык адамдардын муктаждыктары бирдей деп айтуу туурабы? Өзгөчө муктаждыктар кимдерде болушу мүмкүн? Бардык адамдардын муктаждыктары бирдей каралган коом түзүү мүмкүнбү?
- Булардын ичинен кайсынысы маанилүүрөөк: тиричилик/өнүгүү/бейкутчулук? Булардын бири болбой экинчиси болушу мүмкүнбү? Силер тандаган карточкалар кайсы муктаждыктарды чагылдырат? Эмне үчүн ошолорду тандадыңар?
- Силердин оюңарча, жаңы коом түзүү үчүн кандай баалуулуктар маанилүү? Эмне себептен?
- Силер «курган» коом 10 жылдан кийин кандай болуп өнүгөт?
- Эгерде бул көнүгүүнү кайра башынан кайталасак, ошол эле карточкаларды тандайсыңарбы?
Окуучулардын бул суроолорго өтө терең жооп берүүсү анча мааниге ээ эмес. Негизгиси, бул суроолор балдардын төмөндөгүлөр жөнүндө ой жүгүртүүсүнө түрткү болуусу керек: адам укуктары – анын толук кандуу жашоосу, бейкутчулугу жана жалпылай өнүгүп-өөрчүүсү үчүн зарыл болгон баалуулуктар, институттар жана башка нерселерди аныктоого болгон аракети. Мына ушул себептен улам ар бир коомдо адам укуктары эске алынуусу абзел, болбосо коомдун өнүгүүсү жана бейпилдикте өмүр сүрүүсү мүмкүн эмес.
Материалдар:
Муктаждыктар тизмеси (бир карточкага бир муктаждык):
- Сөз эркиндиги/өз пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгү
- Өз алдынча жумшай ала турган акча
- Таза суу
- Өз территорияны «өзгөлөрдөн» коргош үчүн курал-жарак
- Компьютер жана интернет
- Шайлоо системасы
- Таза айлана-чөйрө
- Паспорт
- Уюлдук телефон
- Таттуулар
- Дин тутуу эркиндиги/каалаган нерсеге ынануу укугу
- Эс алуу жана достор менен ойноо мүмкүнчүлүгү
- Гезиттер жана телеберүү
- Сот иши жана соттор
- Жакшы турак-жай
- Жакшы кийим-кечек
- Мазактоодон, куугунтуктоодон (буллингден) коргонуу укугу
- Билим берүү
- Конституция
- Туура азыктануу
- Каникулдар
- Доктурлар
- Милиция
- Велосипед
- Парламент
- Мектеп
Мугалим тизмени толуктап же өзгөртө алат.
Үй тапшырма.
Темага дилбаян жазуу: «Силер «курган» коом 10 жылдан кийин кандай болуп өнүгөт?»
БУЛАК:
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
5-7-класстар
СОЗУЛУШУ:
1 сабак
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ:
Бул көнүгүү мугалим даярдаган лекцияны толуктап, класста талкуу жүргүзүүгө шарт түзөт. Талкуу учурунда окуучулар төмөндөгүдөй жөндөмдөрүн өөрчүтө алышат:
- талкуунун жүрүшүн сезе билүү жана аныкталган регламентке баш ийүү;
- ар түрдүү көз караштарды эске алган чечимдерди чыгара билүү жөндөмү.
Ошондой эле, берилген көнүгүү адамдын адеп-ахлагы, укугу жана жашоо эрежелерин изилдөөгө байланыштуу маселелердин татаалдыгын жана ар түрдүүлүгүн байкоого мүмкүнчүлүк берет.
КЕНЕН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Окуучулардын деңгээлине жараша (5, 6 же 7-класс) мугалим сабакты чакан лекция менен баштайт. Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуулаганга ыңгайлуу:
5-класс: «Yй-бүлөлүк баалуулуктар жана салт-санаалар»; «Коом деген эмне?»; «Жөн гана тургун жана аң-сезимдүү жаран»; «Биз ар түрдүүбүз, бирок теңбиз»; «Коомдогу жүрүм-турум эрежелери»; «Адилеттүү коом».
6-класс: «Yй-бүлөнүн коомдогу орду»; «Улуттук өзгөчөлүк»; «Коомдогу социалдык айырмачылыктар»; «Коомдогу адептик баалуулуктар»; «Адеп-ахлак жана укук»; «Жарандардын тең укуктуулугу».
7-класс: «Адамдын мүмкүнчүлүктөрү»; «Ѳспүрүмдөрдүн баалуулуктарынын иерархиясы»; «Ахлактык-этикалык нормалар»; «Укуктук нормалар».
Жогорудагы темаларга жараша мугалим мурун даярдалган материалдын жардамы менен лекция окуп, ошондой эле «адам укуктары» темасы менен тааныштырат. Билим берүү жана илим министрлигинин сайтындагы «Адам укуктары» курсун өтүп, адам укуктарынын тематикасы менен таанышкан соң, мугалим анын сабагына логикалык жактан шайкеш келген материалды тандап алса болот.
Класска кээ бир ырастоолордун тизмеси сунушталат. Мугалим кандайдыр бир ырастоону окуйт, ага кошулган окуучулар ордунан турат, кошулбагандар ордунда кала берет. Ар бир «добуш берүүдөн» кийин мугалим каршы жана макул болгондорду эмне үчүн мындай пикирде болгондугун тушүндүрүп берүүсүн суранат.
Сабактын темасына өзгөчө маанилүү болгон ырастоону талкуулоодо мугалим пикир алмашууну кылдаттык менен жүргүзөт – колдон келишинче ар бир окуучунун көз карашын билип, тигил же бул ой боюнча пикир келишпестиктерге өзгөчө басым жасоого аракеттенет жана/же талкуунун мындан да тереңирээк жүрүшүнө түрткү болот. Мындай кадамдар класстын ортого коюлган маселени ар тараптуу карап чыгууга, ошондой эле өз пикирин туура жана так түзүү жөндөмдөрүн машыктырууга мүмкүнчүлүк алуусуна шарт түзөт.
Материалдар:
Ырастоолор тизмеси:
- Ар кимдин өзү каалагандай үй-бүлө куруу укугу бар.
- Үй-бүлөдө бардыгын чоңдор чечет.
- 18 жашка чейин бала өз оюн билдирүүгө укугу жок.
- Коомдо бардыгы бирдей укуктарга ээ.
- Бактылуу коом – бардыгына бирдей мамиле жасалган коом.
- Бактылуу коом – бардыгына ар түрдүү мамиле жасалган, бирок бардыгы бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон коом.
- Коомдо тоскоолдуксуз чөйрө жаратуу – бул ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.
- Коомдо тоскоолдуксуз чөйрө жаратуу – бул мамлекеттин жоопкерчилиги.
- Коомдо тоскоолдуксуз чөйрө жаратуу – бул ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздөрүнүн жоопкерчилиги.
- Балдар өз жашоосуна байланыштуу чечимдерди 18 жаштан кийин гана кабыл алууга дарамети жетет.
- Балдар класстын жашоосуна байланыштуу чечимдерди каалаган куракта кабыл алууга дарамети жетет.
- Класстагы жагымдуу шарттар – ар бир окуучунун жоопкерчилиги.
- Класстагы жагымдуу шарттар – мугалимдин жоопкерчилиги.
- Балдар айдоочулук күбөлүк алуу мүмкүнчүлүгүнө 16 жашта ээ болуусу керек.
- Балдар 14 жашта кылганына жооп берүүгө дарамети жетпейт, демек, кылмыш жоопкерчилигине тартыла албайт.
- 10 жаштан 18 жашка чейинки курактагы кылмыш кылган балдарды түрмөгө отургузууга болбойт.
- Тынчтык митингдери менен демонстрацияларга катышуу – бул активдүү жарандык позицияны көрсөтүү, өлкөнүн турмушуна катышуу үчүн жакшы мүмкүндүк.
- Бойго жеткен адам гана жаран болуп эсептелет.
- Милдеттер болмоюн, укуктар болбойт.
- Коомдун адилеттүүлүгү кылмыштар үчүн берилген каардуу жазалар менен өлчөнөт.
- Адамдын укуктарын коргоо – салт-санааны сактоодон дагы маанилүүрөөк.
- Адам үчүн ыңгайлуу шарттар (комфорт) – укуктардан жана эркиндиктен дагы маанилүүрөөк.
- Адамдын жеке кадыр-баркы – ыңгайлуу шарттардан (комфорт) дагы маанилүүрөөк.
- Жашоодогу өздүк позицияга ээ болуу жана бардык шарттарда аны көрсөтүү маанилүү.
- Өспүрүмдөрдүн баары коомдун турмушуна кайдыгер, себеби алар жеке көйгөйлөру менен алек.
- Достук өз ара сый-урматсыз жана бири-бирине бирдей мамилесиз болбойт.
- Мектепте бирөөнү мазактап же таарынтып жатканын көрсөм, эч качан жөн басып кетпейм.
- Башкалардын пикири мен үчүн маанилүү эмес, өз баркыма доо кетсе да, мен алсыздын таламын талашам.
- Социалдык тармактардагы каралоо жана жалаа жабуу виртуалдык жашоодон сырткаркы каралоо жана жалаадан да жаман.
- Баарлашуу эрежелери интернетте да, андан тышкары да бирдей сакталат.
- Адеп-ахлактуулук – бул башкалардын укуктарын эске алуу.
- Адам укуктары – бул мыйзам.
Мугалим сабактын темасына жараша тизмени толуктаса болот.
Үй тапшырма.
Төмөнкү пикирлер үчүн жана каршы 5 аргументти табыңыз:
Социалдык тармактарда, виртуалдык жашоодон сырткаркы жашоого караганда, бөлүп-жаруу, каралоо жана жалаа жабуу көбүрөөк орун алат.
Балдар 15 жашынан тарта добуш берүү укугуна ээ болуусу керек
Укуктар болмоюн, милдеттер болбойт.
БУЛАК:
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
5-7-класстар
СОЗУЛУШУ
15-20 мүнөт
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Берилген көнүгүү жеке көз карашты билдирүү – жоопкерчиликти да талап кылаарын жана жалпы калайыкка жар салып пикир билдирүү көрүнүп турганчалык оңой эмес экенин көрсөтөт.
Көнүгүү окуучулардын төмөндөгү жөндөмдөрүн өөрчүтүүгө шарт түзөт:
- өз кыймыл-аракеттеринин түз жана кыйыр кесепеттерин божомолдоо;
- кыймыл-аракеттерди алардын кесепеттерин жеке жана башкалардын нормалары менен максаттарына кандай таасир тийгизээринин негизинде тандоо;
- компромисске баруу жана башка кошумча альтернативдүү чечим кабыл алуу ыктымалдуулугун эске алуу.
КЕНЕН ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуулаганга ыңгайлуу:
5 класс: “Эмоция жана сезим”,“Баарлашуу”
6 класс: “Морал жана укук”, “Жарандардын тең укуктуулугу”
7 класс: “Конфликттер жана компромисс”, “Ишкердик этикасы”
Мугалим тактага «плюс» жана «минус» белгилерин тартат. Ар бир белги алдында отургуч жайгаштырат. Отургуч жок болсо, белгилерди тактанын өйдөрөөк жагына балдар алардын алдына бүткүл бою менен тура алгыдай кылып тартуу керек.
Мугалим парталарды аралап сүйлөмдөрдү окуйт. Мугалим кайсы партанын жанында турса, ошол партада отурган окуучулар мугалим окуган ырастоого макул же каршы экенин билдирет. Макул болгон окуучу «плюс» белгисинин алдына турат же отургучка отурат, каршы болгон окуучу – «минус» белгисинин астына барат. Ар бир окуучу өзүнүн тандоосун түшүндүрүп, далилдеп берүүсү керек.
Мугалим бүт классты кыдырып чыккан соң, класста жалпы талкуу башталат. Мугалим балдарга төмөндөгүдөй суроолорду узатат:
- Бардык окуучулар өз оюн билдиргенден кийин кимдир бирөөнүн пикири өзгөрдүбү?
- Өзгөчө көпчүлүктүн көзүнчө тандоо жасоо оор болдубу? Эмнеге?
- «Айткан сөзүнө жооп берүү» деген эмне?
- Сөз адамды жаралай алабы?
- Силерде чырдашкандын ордуна унчукпай койгон абалдар болобу?
- Сөз эркиндигинин маанилүүлүгү эмнеде? (бул учурда окуучуларга мугалимдин жардамы керек болушу ыктымал: талкууда эркин журналистика менен жарандык коомдун адекваттуу жана көз карандысыз маалымат булагы катары, ошондой эле бийликтин өз ыйгарымдарын кандай колдонуп жаткандыгынын коом тараптан көзөмөлдөө аспаптары тууралуу сөз болуусу маанилүү).
- Кайсы учурда унчукпай коюу туура экенин кантип аныктаса болот?
Талкуу учурунда окуучулар сөз эркиндигинин манилүүлүгү жана ага ээ болгон адамдын жоопкерчилиги тууралуу убадалашып алгандары туура.
Дискуссияны адам укуктары өзү менен кошо жоопкерчиликти дагы талап кылаарын, мисалы, башкалардын сезимдерине акаарат кылбоо керектигин түшүндүрүү менен адам укуктарынын концепцияларын жалпы талкууга алып, кеңейтүү мүмкүн. Мисал катары, жакында эле Россия Федерациясында кабыл алынган «диний ишеним ээлеринин сезимине акаарат кылуу» жөнүндөгү мыйзамды келтирсе болот. Бул сыяктуу мыйзамдар салыштырмалуу жакынкы арага чейин көптөгөн европалык өлкөлөрдө дагы бар болчу. Европалык мамлекеттердин көбүндө сөз эркиндиги маанилүүрөөк деген ой менен бул мыйзамды жоюшкан. Бул мисалдардын жардамы менен адамдын укуктары (мисалы, сөз эркиндиги) бир тараптуу болбогондугу, жада калса кээ бир учурларда башка укуктарына таптакыр карама-каршы келээрин көрсөтүүгө болот. Ошондуктан ар бир коом адамдын кайсы укуктары, ошону менен бирге эле кайсы баалуулуктары артыкчылык кыла турганын өзү чечет.
Класс кызыгып жатса жана убакыт кенен болсо, окуучулардын пикири боюнча Кыргызстан үчүн кайсы баалуулуктар маанилүү экенин талкууну улантса болот. Мисалы, Кыргызстандагы абалга ылайык, сөз эркиндиги үчүн кандайдыр бир чектөө зарылбы же бул абсолюттук жана талашсыз укук болуусу керекпи?
Материалдар:
Сунушталган ырастоолор:
- Биздин класстын кыздары менен балдары бири-бири менен достошо алышпайт.
- Биздин класста дене тарбиясы боюнча балдар кыздарга караганда кыйыныраак.
- Биздин класста ыр боюнча кыздар балдарга караганда кыйыныраак.
- Биздин класс аябай ынтымактуу.
- Биздин класста сулуу эмес кыздар жок.
- Биздин класста сулуу эмес балдар жок.
- Биздин класста бардык окуучулар мугалимдердин баарын жакшы көрүшөт.
- Биздин класста ар дайым адилеттүүлүк орноп турат.
- Биздин класста эч качан бири-бирин таарынтышпайт.
- Биздин класста бирөөгө көчүрүп алууга мумкүнчүлүк берүү керек.
- Биздин класста баары чындап достошконду билет.
- Биздин класста түшүнбөстүктөр көп учурда күч колдонуу аркылуу чечилет.
- Биздин класста сенин сырткы келбетиң менен чөнтөгүңдөгу акчаң маанилүү.
- Биздин класста аутсайдерлерди жакшы көрүшпөйт.
- Биздин класстын балдары кыздарга болушушат.
Мугалим тизмени толуктай алат.
Үй тапшырма.
- Темага дилбаян жазуу: Кайсынысы маанилүүрөөк: өз оюн билдирүүбү же таарынтып албообу?
БУЛАК
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
5-7-класстар
СОЗУЛУШУ:
15 мүнөт
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Бул кыска интерактивдүү көнүгүү окуучуларга өз тажрыйбасы менен ар түрдүү мүмкүнчүлүккө ээ болгон кандай экенин сезүүгө шарт түзөт. Көнүгүү окуучулардын төмөндөгү жөндөмдөрүн өөрчүтүгө багытталган:
- өзүн башкалардын ордуна коюп, абалды алардын көз карашы менен көрүү;
- өз пикирлерин сунуу жана башкалардын пикирлерин угуу жөндөмү;
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуулаганга ыңгайлуу:
5 класс: “Биз ар түрдүүбүз, бирок тен укуктуубуз”
6 класс: “Жарандардын тең укуктуулугу”
7 класс: “Укуктук нормалар”
Ар бир окуучу бирден барак алып, аны топтой тоголок кылып бырыштырат. Мугалим класстын алдына туруп, колуна себет же коробка кармап турат (таштандынын чакасын же принтер кагазынын коробкасын да колдонсо болот).
Мугалим класстын туруусун суранат. Ар бир окуучу ордунан туруп, кагаз топту себетке ыргытып түшүрүүгө аракет кылат.
Мугалим классты отургузуп, талкууну баштайт. Алгач баарына оюн топтоого жана башка пикир угууга мумкүндүк берип, окуучуларга парталашы менен пикир алышууну сунуштоого болот:
«Силердин оюңарча, бул көнүгүүнү эмне үчүн аткардык, анын мааниси эмнеде болду экен?».
Маекти жандандырыш үчүн мугалим төмөндөгүдөй суроолорду узата алат:
- Себетке топту түшүрүү ким үчүн оңоюраак болду?
- Көнүгүү учурунда алдыңкы жана арткы парталардагы окуучулар кандай абалда болушту?
- Биз бир класс болгон соң, арттагы партадагы окуучуларга жардам бере алат белек? Кантип?
- Биздин коомдогу кайсы топтогу адамдар аялуу келип, алсызыраак? кандай «себеттерге» жетүүсү кыйын (билим берүү, саламаттыкты сактоо, бош убакыт, достук, коопсуздук ж.б.)?
- Коом алардын бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болууларын камсыздаш үчүн кандай чараларды көрө алат?
Бул көнүгүү дискриминация, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мүмкүнчүлүктөрү (5-9-класстар үчүн «Адам жана коом» курсунун программасынын №15 темасы) сыяктуу темаларды өтүүдө колдонууга ыңгайлуу. Ошондой эле, «Адам укуктары» темасына багытталган сабак өтүп жаткан болсоңуз, бул көнүгүүнү тең укуктуулук бөлүмүнө киришүүдө сабактын жүрүшүн өзгөртүү, жандандыруу, класстагы динамиканы кыймылга келтирүү үчүн колдонсоңуз болот (мисалы, лекциядан кийинки тыныгуу учурунда).
Материалдар:
Бир окуучуга бир барак жана бош коробка, себет же чака.
Үй тапшырма.
Маселе боюнча маалымат табуу: Биздин коомдогу кайсы топтогу адамдар аялуу келип, алсызыраак?
БУЛАК:
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
5-7-класстар
СОЗУЛУШУ:
20 мүнөт
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ:
Көнүгүү окуучуларга чындык менен жеке пикир арасындагы айырмачылыкты аныктоону үйрөнүүнү сунуштайт. Көнүгүү төмөндөгүдөй жөндөмдөрдү өөрчүтүүгө багытталган:
- Айкын жана айкын болбогон нерселерди аңдоо жана туура калыпка салуу;
- Билим жана маалыматтын үстүндө иштеп, аны тизмектештирүү.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуулаганга ыңгайлуу:
5 класс: “Коомдугу жүрүш-туруш эрежелери”
6 класс: “Мамлекеттик мүлктү сактооо жана өнүктүрүү”
7 класс: “Укук бузу, кылмыш, күнөө”
Берилген көнүгүү маалымат жөнүндөгү теманын талдоо бөлүмү катары колдонуу үчүн сунушталат. Биз маалыматтын жайма-жай тараган, ар бир адам салыштырмалуу кыска мөөнөт ичинде маалыматтын каалаган түрүн ала алган, ал эми интернет жеткиликтүү болгон жерде адам үзгүлтүксүз маалымат агымынын чок ортосунда болгон доордо жашайбыз. Бул көрүнүш заманбап жаштарга олуттуу талап коюуда – алар чыныгы маалыматты калп жаңылыктардан («фейк ньюз»), ал эми чындыкты кимдир-бирөөнүн субъективдүү пикиринен айырмалоону билиши керек.
Класстын деңгээлине жана талабына жараша мугалим сабакты чындыкты пикирден айырмалоонун белгилерин түшүндүрүүдөн баштай алат. Мисалы, «мен ойлойм», «мага … сезилет», «менин оюмча» деген сөздөр менен башталган суйлөмдөр – адамдын жеке пикири болуп саналат да, чындык катары кабыл алынбашы керек. Ошондой эле, «менин эстегеним боюнча», «менин тажрыйбам боюнча», «менимче» сыяктуу сөз айкаштары адамдын жеке сезимдерин билдирет. Ал эми кеп чындык жөнүндө болуп жаткан учурда, көп учурда төмөндөгүдөй мүнөздө түзүлөт: «статистикага ылайык», «изилдөө көрсөткөндөй», «илимпоздор тастыктагандай» ж.б. Бирок мындай учурда да берилген маалыматтын булагын таап, анын тууралыгын текшерүү кажет. Ушундан кийин гана айтылган сөзгө факт катары шилтеме кылууга болот.
Чындыкты пикирден дайыма эле сүйлөмдүн түзүлүшүнөн ажыратуу мүмкүн эмес. Кээде пикирлер да чындык катары куралат. Өзгөчө кеп стереотиптер жана «айкын» болуп жалпы калк арасында калыптанып калган нерселер туурасында болуп жатканда. Мисалы, «азыркы турмушта саякаттоо ушунчалык оңой» деген пикир адегенде кадимки эле нерседей сезилет, ага каршы чыга да албайсың. Ошондуктан ал факт катары кабыл алынышы мүмкүн. Ошентсе да, канчалаган адамдардын жакырчылык чегинде жашап жатканын, саякаттамак турсун, башка нерсеге каражаты жетпегенин байкай келгенде, бул сөз чындыкка жатпаганы, тескерисинче, субъективдүү бир ой экенин түшүнүүгө болот. Ушул эле көрүнүш «балдар футболду кыздардан мыкты ойнойт», «кыздар балдарга караганда зээндүү болушат» ж.б. сыяктуу сөздөрдө да байкалат.
Ар бир коомдо белгилүү бир стереотиптер болот да, алар тигил же бул топтогу адамдардын мүмкүнчүлүктөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизишет. Алар биз жашаган дүйнө жана коом жөнүндө түшүнүгүбүздү калыптандырып, көп учурда ошол жалган кепти жандандырып, күчөтүүбүзгө мажбурлашат. Мисалга алсак, аялдын эркек менен бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болбогон коомдо көпчүлүк учурда «эркек – үй-бүлөнүн муктаждыктарын камсыз кылууга милдеттүү болгон табакер» деген түшүнүк бардык тараптан чагылдырылып, көрсөтүлүп турат. Бул нерсе аялдарга эмгек рыногунда өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүн чектейт. Демек, статистика боюнча, аялдар азыраак иштеген болуп чыгышат. Ушундай жол менен стереотип реалдуулукка таасир этип, бул өз кезегинде ошол стереотипти ого бетер күчтөндүрөт. Жыйынтыкта, «эркек – иштеши керек, а аял – иштебей деле койсо болот» деген көрүнүш көпчүлүк үчүн кадимки көрүнүшкө айланып, адамдар бул нерсени чындык катары кабыл ала башташат. Мына ошондуктан бизди курчап турган маалыматты сын-пикир менен кабыл алып, аны иликтеп, изилдеп, колдон келишинче баштапкы булактарын текшерүү зарылчылдыгы туулат.
Пикир менен чындыктын айырмалай билүүнүн маанилүүлүгүн жана өзгөчөлүгүн кеңири түшүндүрүп берген соң, мугалим окуучуларга жеке пикирди чыныгы фактыдан канчалык айырмалай алай тургандарын текшерүүнү сунуштайт. Мугалим төмөндөгү сүйлөмдөрдү биринин артынан бирин окуйт. Ар бир сүйлөмдөн кийин мугалим класстан мунун чындык же пикир болгондугун аныктап, жообун тастыктап берүүсүн суранат.
Материалдар:
Сүйлөмдөрдүн тизмеси:
- Менимче, жакында жаан жаайт. (Пикир)
- 1-каналдын аба ырайы прогнозу бүгүн жаан жаайт деп убадалашкан. (Пикир)
- Мага айтканына караганда, анын оюнча, глобалдык жылуулук маанилүү көйгөй болуп келатат. (Пикир)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык бюро комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын октябрь айына карата калктын саны 6,5 миллион адамды түздү. (Чындык)
- Илимпоздордун ою боюнча, эгер статистиканын жардамы менен эсептелген болсо, башка планетадагы жашоо ыктымалдуулук эмес, боло турчу нерсе. (Пикир).
- Интернеттин жардамы менен дүйнө жүзү боюнча ынтымак бекемдегендей сезилет. (Пикир)
- Интернет дос күтүү менен достукту жөнөкөйлөттү. (Пикир)
- Гугл Трендс (google trends) маалыматы боюнча, 2018-жылы Сильвестр Сталлоне интернетте эң көп изделген адамдардын ичинен 3-орунду алган. (Чындык)
- Викимаалыматтар боюнча (Википедия бөлүмү), Бишкектин калкы 2017-жылга карата 965900 адамды түзгөн. (Бул маалыматтын чындыкка жатаары күмөн. Бир тараптан, анын булагы белгилүү, бирок, экинчи тараптан, сөз адамдар жана жасалма интеллект тарабынан даярдалып, бирок так булактары көрсөтүлбөгөн маалымат базасы тууралуу болуп жатат. Бул ырастоону талдоодо төмөндөгүдөй жооп туура болоор: «Бул маалыматты башка булактардан издеп текшерип көрүү керек, жок дегенде Викимаалыматтын алгачкы булагын табуу зарыл. Ошондо гана бул сүйлөмдү чындык катары кабыл алса болот». Бул тууралуу класс менен сүйлөшүп алуу маанилүү, себеби, көпчүлүк Википедияны мыйзамдуу маалымат булагы катары көрүшөт).
- Кыздар балдарга караганда боорукер келишет. (Пикир)
- Эркектер бала төрөй алышпайт. (Чындык)
- Балдар кыздарга караганда футболду жакшыраак ойношот. (Пикир)
- Компьютер заманбап илимпоздордун ишин кыйла жеңилдетти. (Пикир)
- Интернеттин тарыхы 1950-жылы алгач АКШ, Улуу Британия жана Франциянын аскер лабораторияларында башталган. (Чындык)
- Уюлдук телефондор адамдар арасындагы маалымат алмашуу жана таратууну тездетти. (Чындык)
Мугалим тизмени уланта алат.
Үй тапшырма.
Маалыматтарды табуу жана чындыкты же пикирин аныктоо? Үчүн жана каршы далилдерди бер.
БУЛАК:
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
5-7-класстар
СОЗУЛУШУ:
15 мүнөт
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ:
Бул кыска интерактивдик көнүгүү окуучуларга дискриминациянын эмне экенин өз тажрыйбаларында сезүүгө шарт түзөт. Көнүгүү төмөндөгүдөй жөндөмдөрдү өөрчүтүүгө багытталган:
- өзүн башкалардын ордуна коюп, абалды алардын көз карашы менен көрүү;
- дискриминация жана укуктардын бузулушу көп учурда пассивдүү көпчүлүктүн кайдыгерлигинен улам ишке ашаарын аңдап билүү.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуулаганга ыңгайлуу:
5 класс: “Коом деген эмне?”, “Биз ар түрдүүбүз бирок тен укуктуубуз”, “Кесиптер”
6 класс: “Улуттук өзгөчөлүктөр”
7 класс: “Оспурумдун ортосундагы баарлашуу”, “Жергиликтуу маданият. Жашаган жер”, “Топтор, лидерлер жана аутсайдерлер”
Мугалим класстагы окуучулардын санына жараша үч башка түстөгү баракчаларды даярдайт. Ар бир окуучу өзү каалаган түстү тандайт да, бир түстү тандаган балдардан үч топ түзүлөт.
Мындан кийин мугалим окуучулардын өз ордуларынан туруп, топторго кошулуусун суранат. Тапшырма: 1-топ (мисалы, көк түстү тандагандар) тамдын түбүнө артты карап тизилип, көнүгүү бүтөөр-бүткүчө эч бир убакта класска бурулбай туруулары керек. 2-топ (мисалы, кызылдар) 3-топтогу балдарга буйрук берип, аларды аткарууларын талап кылышат. Ал эми 3-топ (мисалы, сарылар) айткандарга баш ийип, берилген буйруктардын баарын аткарууга аргасыз.
Көнүгүүнү аткарууга өтүүдөн мурун окуучулар ашпаш керек болгон «чектер» белгиленет. «Кызылдардын» буйруктары орой эмес, адамдын баркына тийбегендей жана кемсинтпей тургандай болушу шарт.
Тапшырманы аткарууга 2-3 мүнөт берилет, андан соң топтор орун алмашат. «Кызылдар» тамга тизилип, «сарылар» «көктөргө» буйрук беришет. Андан кийин топтор дагы бир жолу орун алмашып, кезектегилер дискриминация кылгандардын, дискриминацияга кабылгандардын жана кайдыгерлик кылып кийлигишпегендердин абалында болуп чыгышат.
Мындан соң мугалим талкуу уюштурат:
- Силер кимдин абалында өзүңөрдү ыңгайлуу сездиңер? Эмне үчүн?
- Дискриминация кылгандар, буйрук бергендердин ролундагы балдар өзүн кандай сезишти? Бул абал силерге ыңгайлуу болдубу же жокпу? Эмнеге?
- Үч ролдун кайсынысы эң терс жана жаман? Эмнеге?
- Кайсы топтогуларды эң алсыз десек болот?
- Дискриминациянын алдын алууда эң чоң ролду ким ойнойт деп ойлойсуңар? Бөлүп-жарбоо үчүн алар кандай чара колдонуулары керек болчу?
- Ар кандай топтор тең мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусу үчүн коомдун колунан эмне келет?
Бул көнүгүү дискриминация боюнча теманы өтүүдө колдонулганы дурус (5-9-класстардын «Адам жана коом» предметинин программасынын 15-темасы). Ошондой эле, «Адам укуктары» темасын өтүп жаткан мугалимге дагы бул көнүгүү тең укуктуулук бөлүмүнө киришүүдө сабактын жүрүшүн өзгөртүү, жандандыруу, класстагы динамиканы кыймылга келтирүү үчүн колдонсо болот (мисалы, лекциядан кийинки тыныгуу учурунда).
Материалдар:
3 түстүү барактар.
Үй тапшырма.
Темага дилбаян жазуу: "Топторго бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн коом эмне кыла алат?»
БУЛАК:
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
8-9-класстар
СОЗУЛУШУ:
1 сабак
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Бул көнүгүү мугалимге «Баланын укуктары» темасын түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми кейстерди (окуяларды) иликтөө учурунда окуучуларга баланын укуктарын жана алар кандай учурларда иш жүзүндө колдонулаарын эске алып талкууну сунуштайт.
Көнүгүү төмөндөгүдөй жөндөмдөрдү өөрчүтүүгө багытталган:
- керектүү маалымат булактарын аныктоо жана издеп табуу;
- колдо болгон билим менен маалыматты иштеп чыгуу жана калыпка салуу;
- кызматташуу жана топ менен иштөө, тагыраак айтканда:
- өз пикирлерин сунуу жана башкалардын пикирлерин угуу жөндөмү;
- талкуунун жүрүшүн сезе билүү жана аныкталган регламентке баш ийүү;
- ар түрдүү көз караштарды эске алган чечимдерди чыгара билүү жөндөмү;
- белгилүү бир абалда түшүнбөстүктөр менен түрдүү кызыкчылыктарды иликтөө;
- компромисске баруу жана башка жолдор менен чечим чыгаруу керек болгон учурлардын ыктымалдуулугун эске алуу.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуулаганга ыңгайлуу:
8 класс: “Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктугу статусу”, “Адам укуктарынын жалпы декларациясы”
9 класс: “БУУ жана эл аралык укуктук актылар”
Бул сабак – мугалим тараптан баланын укуктары тууралуу лекция өткөрүлүп, ошол теманы бекемдөө сабагы болуп эсептелет. Ошондой эле көнүгүү жалпы адам укуктары туурасындагы лекцияны бекемдөө үчүн да пайдаланылса болот. Лекцияларды даярдоодо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жарыяланган «Адам укуктарына киришүү» онлайн-курсуна кайрылсаңыз болот.
Өтүлгөн лекцияга көңүл топтолуп, баланын укуктары жөнүндө ООН Конвенция тууралуу маалымат берилген соң, класс чакан топторго бөлүнөт (бир топто 3-4 парта). Ар бир топко бирден кейс тапшырылат да, окуучулар ошонун үстүндө иштеп, үч суроого жооп берүүлөрү керек:
- Берилген учурда конвенциянын кайсы беренеси колдонулуусу керек?
- Жардам берүүгө ким жоопкерчиликтүү?
- Бул абалды кантип оңдосо болот же кандай жолдор менен алдын алуу мүмкүн эле?
Ар бир топто экиден докладчик тандалат: биринчиси классты кейс менен тааныштырат, экинчиси – топтогу талкуу менен бөлүшөт.
Топ ичинде талкууга болжол менен 20 мүнөт, жыйынтыктарды сунууга болжол менен 10 мүнөт берилет. Биринчи сабакта ООН Конвенция жана кейстер тууралуу сөз болсо, кийинкисинде ар бир топ өзүнүн талкууларынын жыйынтыктарын сунууга жана жалпы класс менен талдоого убакыт бөлүнөт.
Материалдар:
Кейстер (төмөндө караңыз).
Канча кейс болсо, сөзсүз түрдө ошончо топ түзүү керек эмес. Бир эле кейсти бир нече топ талкууга алса болот. Бул кийинки презентациялардын жана класстагы талкуулардын каныккан жана ар тараптуу болуусуна жол ачат.
БУЛАК:
Даниянын Адам Укуктары боюнча Институту
1-кейс: Ажырашуу
Надя менен Костянын ата-энеси ажырашып жатат. Алардын мамилелери эчак сууп калган, бирок акыркы 2 ай ичинде. Күн сайын кечинде Надя менен Костя ата-энесинин ашканадагы уруштарына күбө болушат. Алардын атасы ажырашкысы келип жатат, бирок ошол эле учурда балдары менен көрүшүү укугунан ажырап калуудан коркот. Апасы ажырашууну талап кылып, балдары менен жолугушууга бөгөт коёрун айтып коркутат. Надядан да, Костядан да алар эмне каалап жаткандарын сураган эч ким жок. Алардын пикирлери менен каалоолору эч кимди кызыктырбайт.
Надянын башы жана ичи күн сайын катуу ооруйт. Анын уйкусу качып, тамакка табити жок. Костя сабактардан качууну адат кылып алды, анда мурда болбогон ачуулук пайда боло баштады.
Ажырашуудан кийин балдар апасынын жанында калышат, бирок атасы аларга айда эки жолу апасы жанында болуу шарты менен жолугуп тура алат. Надя да, Костя да буга макул эмес. Алар атасы менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, кино же паркка барууга мүмкүнчүлүк алып, жок дегенде анын азыр кайда жашап жатканын көргүлөрү келет.
2-кейс: Атасы кол көтөрөт
Олянын атасын жумуштан чыгарып салышкандан бери ал Оляга жана анын апасына кол көтөрө баштады. Олянын апасы көп жолу арачалап, кызын коргоого аракеттенди, бирок колунан эч нерсе келген жок. Кошуналар бир нече жолу Олянын ата-энесинин туугандары менен байланышып, алардын болушуусун суранышкан эле.
Мектепте Оля көгала болгон жерлерин жашырганды үйрөндү, эгерде көрүнүп турган жери көгала болсо, мектепке такыр барбай коюуну туура көрөт. Сыйрылган жерлерин жаап-жашыруу үчүн апасынын тоналдык кремин колдонот. Бирок мындай «маскировкага» карабастан, мугалимдер жана Олянын классташтары анын ур-токмок жеп жатканынан шектенүүдө. Класс жетекчиси социалдык кызматтарга бир нече жолу кайрылды, бирок азырынча эч кандай майнап чыга элек.
3-кейс: Ата-эненин убактысы жок
Мээрим 14 жашта, анын шакыйы кармап калчу адаты бар. Башы күн сайын туруп-туруп катуу ооруп баштайт, өзгөчө күндүн экинчи жарымында, сабактан келе жатканда.
Мындан бир нече жыл мурун Мээримдин үй-бүлөсү үйлүү болуп, көчүп барышкан. Мээримдин ата-энеси талыкпай иштеп, дээрлик үйдө болушпайт. Алардын жеке бизнеси – сулуулук салондор жана дүкөндөр тармагы бар. Кечкисин дасторкондо отурганда атасы менен апасы көпчүлүк учурда жумуш тууралуу сүйлөшүшөт. Мээрим атасы менен апасынын абдан чарчап жүргөндөрүн байкайт. Кээде алардын өздөрүнчө сүйлөшкөндөрүн угуп калат – апасы башы ооруп, чарчаганына арызданат. Мээрим ата-энесинин азыраак иштеп, аны менен көбүрөөк убакыт өткөрүүлөрүн каалайт эле.
4-кейс: Улан жана анын «достору»
Улан менен дээрлик эч ким достошпойт. Ал 15 жашта. Мектепте окуп жүргөн мезгилинен бери бир да дос күткөн жок. Классташтары аны кызыктай, өтө сырдуу жана жайдары эмес деп билишет. Улан сүрөт тартканга кызыгат, бүт бош убактысын блокнотко үңүлгөн тейден өткөрөт.
Классындагы кыздардын бири бардык балдар-кыздарды туулган күнүнө чакырмак болгон. Анын ата-энеси, эч кимди таарынтпаш учүн, класстын баарын чакырууну туура көрүштү. Үйдө орун болбогондуктан, кечени кафеде өткөрүүнү чечишти. Отуруштан чыкканда, бир нече бала чогулуп сейилдөөнү улантмакчы болуп, спирт ичимдигин сатып алышты. Улан үйдөгү блокнотторуна кайткысы келбей, топ балага кошулуп алды.
Улан өмүрүндө биринчи жолу алкоголдуу ичимдик ичип көрдү. Тез эле алсырап, башы тегерене баштады. Балдар аны скамейкага отургузуп коюшту да, ал ошол жерде уктап кетти. Үйгө кантип жеткени эсинде жок.
Эртеси күнү скамейкада уктап жаткан Уландын сүрөтү социалдык тармактарга чыкты. Класстагылардын баары аны шылдыңдап күлүштү. Буга чейин Улан ушунча адамдын көңүл чордонундо болуп көргөн эмес.
5-кейс: Амина жана милиция
Кечээ Амина үйгө кечирээк кайткан эле. Сабактардан кийин курбусу менен бирге сүрөт ийримине барган. Андан соң кыздар кафеге кирип чыгышты. Үйгө келатып, Амина чыры-чуу үндөрдү угуп калат. Көрсө, параллель көчөдө жөө жүрүш өтүп жатыптыр. Жаштар бийликтин климаттагы өзгөрүүлөргө болгон кайдыгерлигине каршы чыгып жаткан экен. Студенттер менен жогорку класстардын окуучулары наарызычылыгын билдирүү максатында көчөгө чыгышыптыр.
Амина жакынкы светофордон бурулуп кетүүнү чечти. Ал көпчүлүктөн, алардын кыйкырыктарынан дайыма эле коркчу жана митинг чакан эле болуп, тынч өтүп жатса да, тезирээк үйгө жеткиси келди, анын үстүнө абдан чарчап дагы турган эле.
Светофорго бир нече кадам калганда, капыстан Аминанын артынан бирөө токтотту. Эки милиционер ийининен кармап, аны кармоого аргасыз экендерин айтышат. Алар күч менен алдыны көздөй түрткөндүктөн, Амина аргасыз көрсөткөн жагына басууга туура келди. Жаш кыз-уландар тобу менен чогуу Аминаны да сыз асфальтка отургузуп, бир нече саат өйдө турууга уруксат беришкен жок. Милиция бир нерсе түшүндүргөн дагы жок, балдардын суроолоруна да жооп кайтарбады. Амина менен башка балдарды милиция бѳлyмyнѳ алып барганда, анын митингге эч кандай тиешеси болбогону, жөн гана параллель көчөдө баратканы билинет да, аны үйүнө коё беришет.
6-кейс: Абактагы ата
Амир 12 жашта. Ал атасын дээрлик бир жылдан бери көрө элек. Адегенде апасы анын алыс жакка кеткен деген болчу. Бирок бир жума мурун атасы түрмөдө экенин, аны көргөнү бара тургандарын айтты. Амир атасына жолугаарына аябагандай кубанды. Тезирээк эле жолго чыксак экен деп күтүүдө.
Амирдин атасы жаткан абак дээрлик 2 суткалык узактыкта. Амир апасы экөө алгач поездде, андан соң автобус менен жол жүрүшөт. Автобуста жол карай уктап барууга шарт бар, бирок алар жүктү кайтарыш үчүн алмак-салмак уктап бара жатышат. Сумкаларында апасынын атасына деп белендеген жылуу кийимдер, ошондой эле азык-түлүк жана тамак даярдоого керектүү ашкана буюмдары бар. Узак сапардын акыркы бөлүгүн жөө басып өтүүгө туура келет, себеби түрмө алыс жайгашкан жана ал тарапка унаа жүрбөйт. Апасы менчик машина кармайын десе дагы айдоочуга төлөй турчу акчасы жок.
Узак жолдон кийин акыры түрмөгө да жетишет. Аларга өзүнчө сарай бөлүнгөн. Ичинде бир эски керебет, стол, бир отургуч жана кол жуучу жер бар. Даараткана сыртта, сарайдын артында жайгашкан. Сарайдын ичи суук жана кир. Бир саамдан кийин атасын алып келишет. Ал аябай арыктап, алсырап калган, көздөрүнүн майы түгөнүп, киртийип калган. Ал Амирдин апасы алып келгендердин баарын жейт. Амир менен көп деле сүйлөшкөн жок, унчукпастан жылмайып гана коёт. Эртеси Амир апасы менен кайра жолго чыгышат. Жолдо баратып апасы Амирге атасын эми качан көрө турганын билбегенин, деги эле кайра жолугушаарынан күмөн экенин айтат.
Үй тапшырма.
Мисалы табуу (кабар мүмкүн) жана кандай макала колдонулат жана эмне үчүн?
БУЛАК
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү
8-9-класстар
СОЗУЛУШУ:
30 мүнөт
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Берилген көнүгүү аркылуу окуучулар активдүү угуунун түрдүү ыкмалары менен таанышып, аларды иш жүзүндө өздөштүрүшөт. Бул көнүгүү окуучуларга маек учурунда көңүл топтоонун маанилүүлүгүн сезүүгө көмөктөшөт да, алардын жөн гана угуу эмес, бири-бирине кулак салуу жөндөмдөрүн өөрчүтөт.
Көнүгүү социалдык-коммуникативдик компетенцияны өнүктүрүүгө багытталган, тагыраак айтканда:
- ѳз пикирлерин сунуу жана башкалардын пикирлерин угуу жөндөмү;
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмү.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуу менен биргеликте жакшы аткарылат:
2-тема. «Маданияттуу адам» («Улуттар аралык карым-катнаш маданияты»)
8-тема. «Талаш-тартыш мамилелер» («Талаш-тартыштарды чечүү жолдору»)
9-тема. «Социалдык нормалар» («Адамдарга кандай мамиле кылуу керек»)
Ошондой эле, бул көнүгүү адам укугу темасын талкууга алууда да ыңгайлуу. Себеби, маектешти же оппонентти тыңдоо, анын айткандарына кулак төшөө – сөз эркиндигин, чогулуш эркиндигин жана баланын өзүнө таандык иштерде жеке оюн билдирүү укугун коргоо үчүн эң маанилүү шарт болуп саналат.
Сабакты баштаардан мурун мугалим балдардын адам укугу же/жана Баланын укуктары жөнүндө ООН Конвенция тууралуу канчалык деңгээлде кабардар болгонуна жараша чакан лекция менен киришсе болот. Лекция жүрүшүндө же андан кийин мугалим угуу жана кулак салуу жөндөмүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрөт. Биз бири-бирибизди угуп жатсак да, көп учурда айтылып жаткандарга чындап кулак салбай турганыбызды айтат. Бул болсо өз кезегинде ар түрдүү түшүнбөстүктөргө, жөнү жок жерде пайда болгон чыр абалдарга алып келет. Эки тарап активдүү угуунун жөнөкөй эрежелерин билгенде гана алардын алдын алса болоорун билдирет.
Ошондой эле угуу жана кулак төшөө жөндөмү адамдардын бири-бирине карата адеп карманууларына түрткү болот, себеби, маектешибиздин сөзүнө кулак салууга болгон далалатыбыз – аны түшүнүүгө жумшаган аруу аракетибизди тастыктайт эмеспи. Бул – адамдарга болгон мамилебиз өзгөрүп, аларга карата кызыгуубуз, илигибиз артып, түшүнбөстүктөрдүн саны азаят деген кеп.
Бир партада отурган окуучуларды бири-бирине артын салып отурууларын сураныңыз. Далыга-далы отурганда, алардын бири экинчисинен бүгүнкү күндүн кандай өткөндүгү тууралуу сурашы керек. Андан соң экинчиси ошол эле суроону узатат. Класстан сураңыз:
- Маек ыңгайлуу болдубу?
- Эмне үчүн ыңгайсыз болду?
- Жооп берип жаткан тарап өзүн кандай сезди?
- Эмне үчүн класс ызы-чуу болду?
Эми балдар бетме-бет отурушсун. Мугалим окуучулардан маекти кайталоолорун суранат. Бирок тема өзгөрүлөт, мисалы, кечээ кечинде эмне кылгандыгы тууралуу. Диалогдор аяктаган соң, мугалим окуучуларга кайрылат:
- Бул сапар маек кандай өттү?
- Эмне өзгөрдү?
Жыйынтыкта класс натыйжалуу жана позитивдүү баарлашуу үчүн биздин кандай отурганыбыз, каякты тиктеп турганыбыз, эмне кылып, кантип укканыбыз маанилүү экендигин түшүнүү керек. Бири-бирибизге кайрылуу физикалык байланышты гана эмес (жүздөшүү, көзгө карап сүйлөө), маектештин активдүү назарын (күлүмсүрөө, жылмаюу, баш ийкөө ж.б.) дагы талап кылат.
Мындан соң окуучулар орун алмашып, жаңы жуптар түзүлөт. Мугалимдин айтуусу боюнча окуучулардын бирөө токтобостон сүйлөшү керек. Ал үй-бүлөсү, жактырган иши же бир саякат тууралуу болжол менен бир-бир жарым мүнөт айтып берсе болот. Убакыт бүткөн соң уккан окуучу акыркы 2 сүйлөмдү кайталап бериши керек. Демейде уккандардын көбү акыркы сүйлөмдөрдү эстеп кала албайт.
Эми мугалим балдардын ордуларын алмаштырат. Токтоосуз аңгеме үчүн дагы бир-бир жарым мүнөттөй убакыт берилет. Угуп турган окуучулар акыркы эки сүйлөмдү эстеп калууга аракет кылышат. Бирок, убакыт бүткөндө, мугалим алардан акыркы эки эмес, үч сүйлөмдү кайталоолорун сунуштайт. Албетте, күтүлбөгөн үчүн бул тапшырманы аткаруу да жеңилдикке турбас.
- Сүйлөмдөрдү эстеп кала алдыңарбы?
- Экинчи ирээт эстеп калуу жеңилирээк болдубу? Эмне үчүн?
- Жакшыраак угуу үчүн силер эмне кылдыңар? (ордунан козголуу, маектеш жакка башты эңкейтүү, ымдоо-жаңсоолор, кунт коюу)
- Угууга эмне тоскоол болуп жатты?
Мугалим класска кайрылып, угууга жардам берген жана, тескерисинче, тоскоол болгон нерселер бар экенин айтат. Мисалы, маектешти кунт коюп угууга тоскоолдук жараткан нерселер катары төмөнкүлөрду санап өтсө болот:
Угууну «өчүрүп» коюу же өз оюна кирип кетүү фактору: адамдардын сүйлөгөндөн да ойлонгону тезирээк. Биздин мээбиз өтө тез (сүйлөп жаткан адамдын сүйлөө тездигинен кыйла тезирээк) кепти кабыл ала алат. Ушул себептен улам угуп жатканда бизде өз ойлорубузду ойлонуу үчүн «бош убакыт» пайда болот. Ошол убакытты маекке тиешеси жок нерселер тууралуу, мисалы, күнүмдүк майда-чүйдө жөнүндө ойлонууга жумшайбыз. Маңдайыбыздагы адамдын сөзүн угуп жатабыз деп ойлогонубуз менен чындыгында маектешибизди тыңшабай да калабыз.
Алдын ала тyзyлгѳн ой-пикир менен угуу: көп учурда биз жөн гана укпастан, угуп жаткан нерсеге баа берип баштайбыз. Айтылып жаткандарды жеке оюбуздун элегинен өткөрүп, жаман/жакшы; адилеттүү/адилетсиз; мен да ошентмекмин/башкача кылмакмын деп баалай беребиз. Бул маектешибиздин бизге айта турганына кулак салуубузга тоскоолдук жаратат.
Объективдүү болбогон угуу: кээ бирде биз тез эле маектешибиздин сүйлөгөнү тажатма, туура эмес же кандайдыр бир ишке тиешеси жок деген чечимге келебиз. Алардын айткандары кызыксыз, обу жок же эч кандай мааниге ээ болбогондой, жада калса эмне айтаарын өзүбүз күн мурунтан билип тургандай сезилет да, укканды токтотобуз.
Кунт койбостон угуу: бөлмөдөгү температура, жыттар жана дабыштар сыяктуу физикалык факторлор биздин көңүлүбүздү топтоо жөндөмүбүзгө, демек, маектешибизди тыңшоого таасирин тийгизет. Биз «оор шарттарда» да кунт коюп уга билүү үчүн кадимкидей машыксак болот. Чоочун жакка барып калганда ушуга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Мугалим балдардан маектешибизди угуп жана сөзүнө кулак салуубузга таасирин тийгизген башка себептерди атоолорун суранса болот. Кунт коюп угууга тоскоол болгон нерселерди талкууга алган соң, мугалим маектештин сөзүнө кулак салууга эмнелер көмөк боло тургандыгын айтып берет. Класс бул тизмени толуктаса болот:
Кайталап сүйлөө: баарлашууда оңтойлуу учур таап, «демек, сенин оюңча…», «эгер туура түшүнгөн болсом, сен…», «айтайын дегениң…» сыяктуу сөздөрдүн жардамы менен сүйлөөчүнүн кебине кайталап сүйлөө учурун кошсо болот.
- Мындай ыкма угуучуга жеке ойлору менен пикирлерин экинчи планга жылдыра туруп, толугу менен маектештин сөзүнө сүңгүүгө жардам берет.
- Тактоо: маек учурунда угуучу маектешинен аңгемедеги кээ бир учурларды тагыраак түшүндүрүшүн суранат. Бирок тактоо менен сөзгө аралжы болгон суроо суроонун арасындагы айырманы да билүү керек. Мисалы, «анан сен эмне дедиң?»; «сен кандай жооп кайтардың?»; «а эмнеге ошондой кылдың?» ж.б. ушул сыяктуу суроолор кепти бузуп, сүйлөп жаткан кишинин сөз улантуу каалоосун такыр жоготот.
- Керектүү учурда пауза кармоо: көп учурда биз маектешибиз унчукпай калаар замат сөз баштап киребиз. Жанатан бери угуп отуруп, эми бизге сөз жетти деген ой менен. Активдүү жана кунт коюп угуу үчүн маектешибизге кептин маңызын аңдап, оюн топтоп алуусуна мүмкүнчүлүк берүүбүз керек. Бул баарлашууда жылуу жана ачык атмосферанын түзулүшүнө, ошондой эле угуучу үчүн болуп жаткан сөздүн жипке тизилген шурудай ирээттүү, түшүнүктүү болушуна жакшы шарт түзөт.
- Маектин физикалык алкагы: угуп отурган адам маектештин жана болуп жаткан сөздүн өзү үчүн маанилүү экенин турган турпаты, ымдоо-жаңсоолору, тулку-бою ж.б. менен билдиргенге аракеттениши кажет. Мисалы, сүйлөшүп жатып уюлдук телефонго алаксыганга, тескери жакка караганга, манжалар менен столдун үстүн каккылоого болбойт. Жакшы угуучу сүйлөп жаткан кишиге толугу менен көңүл буруп, анын көзүнө тике карап, кошулуп, баш ийкеп, бүткүл турпаты менен кызыгып турганын билдирүүсү керек.
Активдүү угуунун факторлорунун тизмеси түзүлгөн соң, мугалим жуптарды ошол тизмедеги ыкмаларды колдонуу менен кайрадан диалог түзүүлөрүн суранат. Диалог темасын балдар өздөрү тандаса болот.
Үй тапшырма:
Мугалим угуу жана кулак салуу жөндөмү болбой адамдын укугу, өзгөчө сөз эркиндиги жана чогулуш эркиндиги, корголбой тургандыгын түшүндүрөт. Баланын укуктары жөнүндө ООН Конвенция бала үчүн маанилүү болгон маселелердин чечилишинде өзүнүн да пикири эске алынышы керек экендигин түздөн-түз эскертет.
Мугалим суроо узатат:
- Силердин сөзүңөргө кулак салышабы?
- Силердин пикириңер эске алынбаган учурда өзүңөрдү кандай сезесиңер?
- Силердин пикириңер эске алынган абалда болдуңар беле?
- Класста бири-бирибиздин сөзүбүзгө кулак салышыбыз үчүн эмне кыла алабыз?
Материалдар:
Баланын укуктары жөнүндө ООН Конвенция (керектүү маалда беренелерине шилтеме кылууга мүмкүн болуш үчүн мугалимдин жанында болуусу сунушталат)
БУЛАК
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
8-9-класстар
СОЗУЛУШУ:
1 сабак
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Бул көнүгүү окуучуларга адам укуктарынын кандай учурларда жана кантип аткарылаары туурасындагы маалыматты иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт. Көнүгүү адам укуктары аспаптарынын жардамы менен белгилүү бир маселенин чечимин табууга багытталган практика түрүндөгү тапшырма болуп саналат. Ал маалыматтык жана социалдык-коммуникативдик компетенциянын өнүгүшүнө, өзүн-өзү уюштуруу жана маселе чечүү жөндөмдөрүнүн, ошондой эле төмөндөгү жөндөмдөрдүн бекемделишине жол түзөт:
- керектүү маалымат булактарына жол табуу;
- өз пикирлерин сунуу жана башкалардын пикирлерин угуу жөндөмү;
- талкуунун жүрүшүн сезе билүү жана аныкталган регламентке баш ийүү;
- ар түрдүү көз караштарды эске алган чечимдерди чыгара билүү жөндөмү;
- ар кандай абалда түшүнбөстүктөр менен түрдүү кызыкчылыктарды иликтөө;
- максаттар менен талаптардын артыкчылыктарын тизмектештирүү, кандай шарттарда кайсы биринен баш тартуу мүмкүн болгондугун аныктоо;
- белгиленген эрежелерди жана принциптерди таануу жана жеке аргументацияларды ошолордун негизинде түзүү;
- жеке аргументацияларды өз муктаждыктар менен укуктардын башкалар тарабынан кабыл алына тургандай кылып түзүү;
- компромисске баруу жана башка жолдор менен чечим чыгаруу керек болгон учурлардын ыктымалдуулугун эске алуу.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуулаганга ыңгайлуу:
8 класс: “Укуктук мамлекет”, “Мааламатка болгон укук”
9 класс: “Адистикти тандоо”
Бул көнүгүүнүн максаты – класстын адам укуктары жөнүндө алган билимин иш жүзүндө колдоно билүүсүнө шарт түзүү. Мугалим класстагы окуучуларга класстын же мектептин кандай көйгөйлөрүн чечүүгө боло тургандыгын ойлонууну сунуштайт, же болбосо ал көйгөйлөрдүн күн мурунтан даярдалган тизмесин сунуштап, класс тизменин ичинен тандап алат.
Көйгөйлөрдүн реалдуу болуусу, башкача айтканда, окуучулар аны чындап чече ала тургандай, жок дегенде чечилүүсүнө кандайдыр бир таасирин тийгизе ала тургандай болуусу маанилүү. Мындан сырткары, сунулган көйгөй адам укуктары темасынын алкагында болуусу шарт. Мисалга алсак, Баланын укуктары жөнүндөгү ООН Конвенция жана анын алкагына таандык болгон класс же мектеп көйгөйлөрүнүн үстүндө иштесе болот. Көйгөй жана маселелердин тизмесин «Материалдар» бөлүмүнөн табасыз.
Эгерде бул сабак адам укуктары жана баланын укуктары тууралуу алгачкы сабак болсо, ушул темаларга кенен токтолуп, аныктамалар берилиши дурус. Эгерде сабак адам укуктары тууралуу өтүлгөн темалардын негизинде курулуп жатса, анда төмөндөгүлөрдү окуучулардын эсине салуу маанилүү:
- Адам укуктары мамлекет тарабынан корголот/бузулат. Демек, адам укуктары боюнча милдеттенмелердин негизги аткаруучусу болуп мамлекеттик структуралар жана муниципалитеттер эсептелет.
- Адам укуктары көп учурда бири-бирине карама-каршы болушу ыктымал. Мисалы, сөз эркиндиги диний азчылыктарды коргоо менен карама-каршы келип, чогулуш эркиндиги кимдир бирөөнүн дискриминациядан коргоонуу укугун тебелеши мүмкүн (мисалы, мамлекет неофашисттик уюм түзүүгө тыюу салбайт).
- Укуктар менен милдеттер бири-бири менен тыгыз байланышта. Адамдын укуктары корголуш үчүн процесстин бардык катышуучулары ошол укуктардын аткарылышында өзүнүн милдеттерин жана ролун аңдап билүүсү зарыл. Мисалы, мектептеги бардык окуучулар дискриминациядан коргоого алынганын сезиши үчүн мүдүр менен мугалимдердин аларды бөлүп-жарбаганы аздык кылат. Бул үчүн ар бир окуучу жана кызматкердин дискриминация орун алган учурда кандай чара көрүү керектигинен кабардар болуусу керек; ар бир окуучу менен кызматкер качан, эмне деп жатканын ойлонуусу; ата-энелер менен болгон диалог керектүү түрдө түзүлүүсү жана ата-энелер өз кезегинде үйдө да балдарга дискриминациянын дурус эмес экенин түшүндүрүүлөрү маанилүү. Материалдарда укуктар жана аларга тиешелүү милдеттерден турган тизме камтылган таблица тиркелген. Тизме өрнөк катары сунушталып, толукталышы мүмкүн.
Мугалим классты катарлар же парталар боюнча топторго бөлөт. Ар бир топ чече турган көйгөйдү тандап алат. Топтун мүчөлөрү көйгөйдү чечүү боюнча план түзүп, аны башкаларга сунуштайт. План түзүү Баланын укуктары жөнүндөгү ООН Конвенциянын беренелерин издөөнү, ошондой эле абалды иликтеп, топ ичинде талкууну камтыйт. Түзүлгөн план төмөндөгү суроолорго жооп табууга багытталышы керек:
- Адамдын кайсы укуктары тууралуу кеп болууда? Кимдин укуктары бузулууда?
- Көйгөйлөрдү чечүүгө жоопкер болгон милдеттенмелер кимдин мойнунда?
- Процесстин катышуучулары ким («курмандык» менен «жоопкерден» сырткары), алардын ролу жана милдеттери эмнеде?
- Көйгөйдүн себеби эмнеде?
- Көйгөйдү чечүү үчүн эмнени өзгөртүү керек?
- Жогорудагы суроолорго берилген жоопторду негиз катары колдонуп, маселени чечүү үчүн уюштурулушу керек болгон иш-чаралар тизмегин түзүп чыккыла.
Ар бир топ иш-чаралар планын класска сунуштайт. Мугалим менен класс суроо берип, сунулган план боюнча ой-пикирлерин билдиришет. Сабактан кийин топтор планын жүзөгө ашыруу боюнча ишке киришишет (мүмкүнчүлүктөргө жараша).
Көнүгүүнүн негизги маңызы – адам укуктарынын принциптерин иш жүзүндө колдонуу, укук коргоо иш-чараларынын контексти менен катышуучуларын иликтөө, ошондой эле адам укуктары тематикасы менен тыгыз байланган маселелердин чечимин табууга негизделгенин аңдоо.
Материалдар:
Ыктымалдуу көйгөйлөр тизмеси:
- Окуучулар үчүн репрезентативдик органдын (мектеп парламенти/окуучулар кеңеши/комитет ж.б.) жоктугу же начар иштеши.
- Мектепте дискриминациядан коргоо механизминин жоктугу (окуучулар менен кызматкерлердин дискриминация эмне экени жѳнyндѳ кабары болбогондугу; дискриминация курмандыгынын жардам суроо ирээтинде кайда кайрылаарын билбегендиги; мектептеги карым-катнаш маданияты ж.б.).
- Мектепте компьютерлердин/окуу китептеринин ж.б. жетишпегендиги.
- Белгилүү топторго (чет өлкөлүктөргө, диний азчылыктарга ж.б.) карата жаман/адилетсиз мамиле кылуу.
- Өзгөчө жогорку класстар арасында орун алган орой мамилелер.
- Дааратканалардын жетишинче таза болбогондугу.
- Танапис учурунда, өзгөчө мектеп короосунда, башталгыч класстын окуучуларынын көзөмөлсүз калганы.
- Тизмени улаңыз.
Укуктар жана милдеттердин мисалдар тизмеси:
Коомдун турмушуна ар тараптуу катышуу укугу (23-б.) |
Окуучулар мектеп парламентине катышууга жоопкерчиликтүү мамиле жасашат, жолугушууларга келип, иш-чараларына катышууга милдеттүү |
Дискриминациядан коргоонуу укугу (2-б.) |
Окуучулар бири-бирине жана мектептин бардык кызматкерлерине сый мамиле кылуулары керек. Окуучулар дискриминациянын күбөсү болгон учурда укугу тепселенген адамга болушуп же жардамга чакырууга милдеттүү |
Маалымат алуу укугу (17-б.) |
Окуучулар компьютерлерге, китептерге жана мектептин башка менчигине аяр жана кылдат мамиле кылууга милдеттүү. Окуучулар китепканага китептерди убагында тапшырууга милдеттүү |
Саламаттыгын сактоо укугу (24-б.) |
Окуучулар мектепке жана ага тиешелүү аянтка аяр мамиле кылууга, тазалык иш-чараларына катышууга, өзүнүн айланасындагы тазалыкты сактоого милдеттүү |
Үй тапшырма.
Өз алдынча, толкунданып турган маселени тандоо жана иш-аракеттер планын иштеп чыгуу.
БУЛАК
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
8-9-класстар
СОЗУЛУШУ:
30 мүнөт
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Көнүгүү сунушталган маселе боюнча бир чечимге келүү максатында чакан топтордо иштөөгө багытталган. Ал демократия, укуктук мамлекет, адам укуктары, шайлоо жана жарандын милдеттери сымал темаларды талкуу үчүн ыңгайлуу.
Көнүгүү социалдык-коммуникативдик компетенцияны өнүктүрүүгө багытталган, тагыраак айтканда:
- өз пикирлерин сунуу жана башкалардын пикирлерин угуу жөндөмү;
- талкуунун жүрүшүн сезе билүү жана аныкталган регламентке баш ийүү;
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмү;
- ар түрдүү көз караштарды эске алган чечимдерди чыгара билүү жөндөмү;
- ар кандай абалда түшүнбөстүктөр менен түрдүү кызыкчылыктарды иликтөө жөдөмү;
- максаттар менен талаптардын артыкчылыктарын тизмектештирүү, кандай шарттарда кайсы биринен баш тартуу мумкүн болгондугун аныктоо.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуулаганга ыңгайлуу:
8 класс: “Жарандардын жоопкерчилиги”, “Адам укуктарынын жалпы декларациясы”
9 класс: “Эмгек жанан сыйлык”
Сабакты демократияны аныктаган кыскача баян менен баштаса болот. Демократиянын негизги принциби – демократиялык коомдун жарандары үчүн зарыл болгон төмөндөгү жөндөмдөр: чечимди жамаат менен кабыл алуу, демек, тил табышуу, компромисске баруу жана конструктивдүү келишим түзө билүү жөндөмдөрү.
Берилген көнүгүү класстагы окуучуларга келишимге келип, орток чечим табууда машыгууга мумкүнчүлүк берет.
Мугалим классты 3-4 партадан турган топторго бөлөт. Ар бир топ колуна көргөзмө материал алат – 8 каармандын тизмеси жана кыскача мүнөздөмөсү (төмөндөгү «Материалдар» бөлүмүн караңыз).
Мугалим текстти окуйт:
«Өзүңөрдү ӨКМ куткаруучулары деп элестетиңиз. Силерге тоодо жер көчүп, альпинисттер тобу көчкүнүн алдында калгандыгы тууралуу кабар келди дейли. Топту куткаруу үчүн азыркы тапта башка операцияда колдонулуп жаткан атайын вертолет керек. Вертолетту күтүп отурганча, силер адамдарды куткарып башташыңар зарыл. Канчалык көп убакыт өткөн сайын альпинисттерди куткаруу мүмкүндүгү дагы ошончолук азаюуда. Көчкү өтө чоң болгондуктан, силердин альпинисттер менен байланыш түзүүгө, алардын акыбалын билүүгө шартыңар жок. Жада калса вертолет келгиче алардын тирүү калаарына да көзүңөр жетпей турат. Бир гана нерсе белгилүү: куткаруу операциясы канчалык эрте башталса, ошончолук көп адамды сактап калууга болот. Силер адамдарды куткаруу үчүн ар бир кадамды иштеп чыгышыңар керек. Экспедициянын мүчөлөрүн тааныганыңарды жана алардын мүнөздөрү менен жеке жашоосун билгениңерди элестеткиле».
Ар бир топтун көргөзмө материалында таблица бар. Окуучулар аны толтуруп, мугалимге тапшыруулары керек. Алгачкы 10 мүнөттө бул таблицаны ар бир окуучу өз алдынча толтурат. Андан соң ар бир топ жалпы тизмени түзүшөт. Таблицаны толтуруунун негизги эрежеси – иш аракеттердин ырааттуулугунун тизмектелишине топтун БАРДЫК мүчөлөрүнүн макул болушу. Жалпы макулдукка келмейинче топ талкууну уланта берет.
Топтогу талкуу аяктаган соң класстын масштабында пикир алмашуу башталат. Бул сапар мугалим таблицаны доскага чиет да, бүт класс (мугалим дагы) жалпы тизме түзүүгө келишиши керек.
Талкуунун соңунда мугалим класска кайрылат:
- Топто/класста бир чечимге келүү канчалык оор/жеңил болду?
- Кандай ыкмаларды/техникаларды колдондуңар? Кайсынысы ишке жарады/жараган жок? Эмнеге?
- Көнүгүүнү аткарууда компромисске баруу керек болдубу? Бул учурда кандай сезимдер пайда болду? Башканын оюна баш ийүү оңой бекен?
МАТЕРИАЛДАР:
Окуянын каармандары:
Амир
Амир 35 жашта, анын жеке туристтик фирмасы бар. Амирдин фирмасы Кыргызстандын территориясы боюнча экспедицияларга жолдомо сатат. Алардын сайтында ар бир экспедицияда жергиликтүү аймакты беш колундай билген, бардык күтүлбөгөн кыйынчылыктарга даяр болгон кесипкөй жол көрсөткүч болоору айтылат. Чындыгында Амирдин фирмасында өзүнөн сырткары дагы эки кызматкер иштейт – анын бир тууганы жана жээни. Алардын эч кандай атайын билими жок. Амирдин эжеси (жээнинин апасы) жакында катуу ооруп калганда, Амир ага жардам берип жаткан – фирмадан түшкөн каражат эжесинин дарылануусуна жумшалат. Анын үстүнө Амир жээнин өз колуна алганынын себеби, эжеси ага сарсанаа болбостон, толугу менен өзүнүн саламаттыгын ойлонуусу эле. Бул сыйра Амир, жээни оорукчан энесин көрүп келсин деп, экспедицияга өзү чыккан эле.
Владислав
Владислав 23 жашта, ал мурунку баңги жана КИВ-инфекциясын алып жүрүүчү. Ал баңгиликтен өткөн жылы, Аминага жолукканда арылган. Амина – кесипкөй альпинист. Ал Владиславга көз карандылыкты жеңүүгө жардам берип, альпинизмге болгон сүйүүсүн жуктурду. Өткөн жылы экөө үйлөнүп, бул экспедиция – алардын ысыкчылык айы болчу.
Джон
Джон – америкалык турист. Бала кезинен альпинизмге кызыгат. Кыргызстанга турист болуп келип, Амирдин фирмасынан жолдомо сатып алган да, ушул экспедицияга туш болгон.
Кирилл
Кирилл 48 жашта, ал илимпоз. Кирилл эки жылдан бери ракка каршы вакцина табууга аракет кылган медициналык лабораторияда иштейт. Кирилл жана анын тобу вакцинаны табуунун алдында турат. Кирилл эки анжы жашоодо жашайт. Күндүзү иштеп, кечки убактысын (кээде түнкүсүн да) казинодо өткөрөт. Кирилл лудомания менен – кумар оюндарынан көз каранды болуп ооруйт. Ал карызын кайтарып алуу үчүн квартирасын күрөөгө берген. Кириллдин үй-бүлөсү анын көз карандылыгынан жабыркап келет. Жубайы декреттик өргүүдө болгондуктан үй-бүлөнүн негизги кирешеси – Кириллдин маянасы. Дээрлик ай сайын Кирилл айлык акысынын көп бөлүгүн казино же жеке кумар үйлөрүндө коротуп, анын үй-бүлөсү ачка калган күндөр да болгон. Кириллдин жубайы бир нече жолу үйдөн кетип калган, бирок ал «таштайм» деп убада кылып, аны кайра кайтарып алчу. Бул экспедиция – анын кайра калыбына келүү программасынын бир бөлүгү жана үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк.
Айнура
Айнура 56 жашта. Анын балдары чоңоюп, эчак үйдөн кетишкен. Өткөн жылы аны жолдошу таштап кетти. Жалгыздыктан Айнуранын жашоого болгон кызыгуусу жоголду. Ар бир күн ал үчүн азап, жашоонун маңызын жоготуп койгондой туюлат. Доктур ага көбүрөөк таза абада болуп, спорт менен машыгып, жашоо образын түп-тамыры менен өзгөртүүнү сунуштаган. Доктурдун кеңешин эске алуу менен ал баарын таң калтырып, альпинизмди тандап алган. Бул жүрүшкө көптөн бери физикалык жактан камданды – фитнес клубда машыгып, жөө жүрүштөргө чыгып жүрдү. Экспедиция – анын эң алгачкы жолу тоого чыгышы. Жолго чыгаардын алдында ага альпинизм дагы жардам бербейт деген ой келип, өз жанын кыюуну да ойлогон эле.
Амина
Амина 25 жашта, ал кесипкөй альпинист. Өткөн жылы ал турмушка чыккан. Анын жолдошу Владислав дагы экспедиция мүчөсү. Алар жолго чыгаарга чейинки күнү Амина кош бойлуу экенин билди, бирок абдан чочулады, себеби анын жолдошу КИВ-инфекциясын алып жүрүүчү эмеспи. Доктур вирустун атадан түйүлдүккө өтүү ыктымалдуулугу аз болгонун айтып, Аминаны тынчтанткан. Амина баланы төрөй турган болгон, бирок жолдошуна айта элек болчу.
Ольга
Ольга 42 жашта, ал үй кожойкеси жана 4 баланын энеси. Анын эң кичүү баласы 6, эң улуусу 15 жашта. Ольганын күйөөсү көп иштеп, үйгө дээрлик келбейт. үйдөгү бардык жумуштар жана балдар менен болгон түйшүктөр толугу менен ага жүктөлгөн. Анын өзүнө убактысы жок жана ал өзүнүн кызыкчылыктарын унутууга аргасыз болгон жана чындыгында ал альпинизмди жакшы көргөн. Күнүмдүк жашоодон тажаган Ольга экспедицияга кетип, үй-бүлөлүк бардык жумуштарын күйөөсүнө тапшырууну чечет, анткени ал балдарга убактысы жок, анткени ал үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу жана көп убактысын иштөөгө арнайт.
Марат
Марат 17 жашта. Ал балдар үйүндө жашайт. Үчкө чыкканда бага албайбыз деген себеп менен ата-энеси андан баш тарткан. Балдар үйүндө чоң балдардан көп таяк жеди, кордук көрдү. Жети жашында биринчи жолу качып кетүүнү ойлонду. Бир нече күн көчөдө калып, жалгыз жашап кетпестигине көзү жетти да, көчөдө капилет жолуктурган бир кылмышкерлердин тайпасына кошулуп алды. Марат кайырчылык жана уурулук менен жан багат. Аны бир нече жолу милиция кармап, балдар үйүнө кайтарган болчу. Бир канча убакыттан кийин ал кайра качып кетчү. Бир ай мурун ал карта ойноп, көп суммадагы акча уттуруп жиберди. Акчаны уткан киши – Амир. Карыздын ордуна Амир Маратты экспедицияга чогуу чыгып, анын жардамчысы катары «иштеп берүүгө» мажбурлады. Ал Амир менен жумуш туурасында сүйлөшүүгө үлгүрдү. Амир аны ишке алат дагы, Марат өз үйүндө жашаганга жана жыгач уста болуп окуганга акча таба турган болгон. Мараттын кыялы – өз колу менен жыгачтан буюм жасоону үйрөнүү.
Бул таблицаны толтуруу керек:
Каармандарды кайсы ирээт менен куткаруу керектигин тизмектегиле.
Өзүң толтур |
Топ менен толтур |
Класс менен толтур |
1. |
1. |
1. |
2. |
2. |
2. |
3. |
3. |
3. |
4. |
4. |
4. |
5. |
5. |
5. |
6. |
6. |
6. |
7. |
7. |
7. |
8. |
8. |
8. |
БУЛАК:
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
8-9-класстар
СОЗУЛУШУ:
Үй тапшырма (эгер көнүгүү класста аткарыла турган болсо - 1,5 саат)
КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ:
«Адам өмүрү» дилбаяны окуучуларга өздөрүн башка бирөөнүн ордуна коюп, жашоону башка көз караш менен карап көрүүнү сунуштайт. Көнүгүү социалдык-коммуникативдик компетенцияны, тагыраак айтканда, төмөндөгү жөндөмдөрдү өөрчүтүүгө багытталган:
- өзүн башкалардын ордуна коюп, абалды алардын көз карашы менен көрүү;
- пикир келишпестиктерди жана ар кандай абалдардагы кызыкчылыктарды иликтөө.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул көнүгүү төмөндөгүдөй темаларды талкуулаганга ыңгайлуу:
8 класс: “Кыргыз Республикасынын Конституциясы”
9 класс: “Эркек жанан аял үй-бүлөдө жана коомдо”, “Дуйлнолук элдеренин руханий, этномаданий каада-салттары”, “Кыргыз Республикасынын Конституциясы”
Бул дилбаян дискриминация, адам укуктары жана баланын укуктары темаларынын алкагындагы лекциялар менен шайкеш келет. Бул темалар боюнча маалымат топтоодо жана лекция түзүүдө жардам керек болсо, Билим берүү жана илим министрлигинин онлайн-курсуна кайрылууну сунуштайбыз. Курс жогорку класстардын мугалимдерине арналган. Курс учурунда адам укуктарынын негиздери, дискриминация туурасындагы негизги тезистер жөнүндө түшүнүк алып, бул теманын өтүлүшүнө зарыл болгон лекцияларга материал ала аласыздар.
Бул көнүгүүнүн негизги максаты – окуучуларга дүйнөгө калктын алсыз топторунун өкүлүнүн көзү менен карап көрүүгө, ошондой эле коом турмушуна бардык адамдардын толук кандуу катышуу жана өнүгүүсү үчүн кандай тоскоолдуктар турганы жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк жаратуу. Окуучулар бир нече «профиль/каармандын» ичинен бирди тандап алышса болот. «Каарманды» тандаган соң, анын төрөлгөндөн баштап картайганга чейинки турмушун сүрөттөгөн дилбаян жазышы керек: «каарман» кандай үй-бүлөдө туулган, мектепке барып-барбаганы, классташтарынын мамилеси, студент кезинде башынан өткөн окуялары ж.б. Окуучу мүмкүн болушунча кенен дилбаян жазуу үчүн фантазиясы менен эмпатиясын колдон келишинче жумшашы керек.
Бир эле «өмүр баян» бир нече окуучу тарабынан сурөттөлүшүнө шарт түзүү үчүн 4-5тен ашпаган каарман сунушталат. Кийинки сабакта окуучулар каармандарынын окуяларын баяндап берип, класс менен чогуу талкуулашат. Эмне себептен бир окуучу бир каармандын мектеп жашоосу так ушундай болгон деп ойлойт? Ал эми башка окуучу анын үй-бүлөсүн башкача абалда сүрөттөгөн? Талкуу жүрүшүндө класстын көңүлүн тең укуктуулукка буруу зарыл. Окуучулардан тигил же бул каарман өсүп-чоңоюп жана жашаган чөйрөгө мүнөздүү болгон сапаттарды атоосун сураңыз. Каармандын мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоол болгон же, тескерисинче, көмөк кылган чөйрөнүн өзгөчөлүктөрү кайсылар? Бул мүнөздөмөлөр канчалык көп жана кенен айтылса, дискриминация темасы ошончолук жакшы өздөштүрүлөт.
Сабакты каармандын турмушун жакшыртуу үчүн, ага тең мүмкүнчүлүктөрдүн жеткиликтүү болушу үчүн эмне зарыл экенин талкуу менен аяктаса болот.
Эгерде көнүгүү класста аткарыла турган болсо, бир сабак дилбаян жазууга, кийинки сабактын жарымы каармандардын турмушунун түрдүү жолдорун талкууга жумшалат.
Материалдар:
Каармандар үлгүлөрү (жергиликтүү контекстти эске алып, мугалим тизмеге өзүнүн сунушун киргизе алат):
1-каарман:
Баңги, эркек, мурда соттолгон. Азыркы тапта пенсионер энеси менен турат. Атасы эбак эле алкоголизмден каза болгон. Үйлөнгөн, бирок никеси көпкө созулган эмес. Уулу бар, аны көп жылдан бери көрө элек. Учурда жумушсуз.
2-каарман:
Орто жашап калган аял. 3 баласы, картаң энеси жана жээнинен турган чоң үй-бүлөнү багуу үчүн 3 жумушта иштейт. Күйөөсү акча табам деп кетип, ошол бойдон жок. Арадан бир жыл өтсө да дайынсыз. Жээнинин ата-энеси да акча табыш үчүн кетишкен, кээде тыйын-тыпыр салып турушат.
3-каарман:
Кичинекей кыз, балдар үйүндө тарбияланат. Ата-энеси аны төрөлгөндө эле таштап кеткен. Аутизм менен жабыркап келет.
4-каарман:
Коляскадагы майып, иштебейт. Аз гана жөлөк пул алат, тиричиликке жетпегендиктен иштөөгө мажбур. Ютюбдан көрүп отуруп, жыгачтан жөнөкөй буюмдарды жасоону үйрөнгөн (ашкана тактайлары, капкактардын кармагычтары, бычактын сабы сыяктуу). Жасагандарын майда-чүйдө сатылган базарга алып чыгат. Карып калган атасы менен жашайт.
5-каарман:
Жаш жигит, ЖОЖдо студент. Жакында КИВ жуктурганын билди. Баары жүз буруп кетет деп коркконунан улам жашырып жүрөт.
БУЛАК:
Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
- коомтаануучулук терминологиясы менен түшүнүктөр аппаратын колдонууну үйрөнөт.
Ишкерчилик максаттар аркылуу окуучу:
- иш жүзүндө тексттик, сандык жана символдук маалыматтарды колдонот.
Баалуулук максаттар аркылуу окуучу:
- социалдык чөйрөгө жана социалдык кубулуштардын түрдүүлүгүнө болгон кызыгуусу артат;
- башка раса, дин, улут, маданият ж.б. өкүлдөрүнө карата иш жүзүндө толеранттуулукту көрсөтөт.
КЕНЕН ТҮШҮНДҮРМӨ Бул көнүгүү экономикалык-саясий линиянын алкагында талкуулоо үчүн ыңгайлуу болот. Мугалим көнүгүүнү шайлоо жана анын демократиялык өлкөдө уюштурулушу жөнүндөгү кыскача лекция менен баштаса болот. Лекция колдон келишинче кыска болушу керек, себеби, көнүгүү толук бир сабакка ылайыкталган. Эгерде лекция андан узун болсо, анда көнүгүүнү аткарууга кийинки сабак берилсе жакшы. Же болбосо мугалим көнүгүүнү үй тапшырма катары берип улантса болот (мисалы, саясий программа түзүү жана партия лидерин тандоо тарабын). Бул ыкманын артыкчылыгы – окуучулар саясий программалардын түрдүү аспектилерин жана саясий багыттардын өзгөчөлүктөрүн тереңирээк изилдөөгө убакыттары кеңейип, дебаттарды терең аңдап, аларга сапаттуу жана толук даярданууга шарты пайда болот. Анын үстүнө мугалим бул көнүгүүнүн жардамы менен ар түрдүү шайлоо системалары (мажоритардык, пропорционалдык, аралаш) жөнүндөгү теманы кененирээк ачып бере алат. Жыйынтыктап айтканда, көнүгүүнүн форматы мугалимдин бул темага канча убакыт бөлгүсү келгендигинен/бөлө алгандыгынан көз каранды. Мугалим көнүгүүнүн түп маңызын түшүндүрүп өтөт: класс 4 саясий партияга бөлүнүшү керек. Ар бир партия Х өлкөсүндө жүргүзүлүп жаткан шайлоолорго катышат. Партиялардын максаты – өзүнүн саясий программасынын тууралыгын жана максатка ылайык болгондугун башкаларга тастыктап берүү. Адегенде мугалим Х өлкөсү тууралуу түшүнүк берет («Материалдарды» караңыз). Андан соң класс 4 топко – 4 саясий партияга бөлүнөт. Ар бир партия жеке саясий программасын дайындап, өзүнүн расмий өкүлүн тандоосу зарыл. Ар бир топ кенен программа түзүү максатында өзүнүн партиясы жөнүндө кыскача түшүнүк алат («Материалдарды» караңыз). Партиянын негизги мүнөздөмөсүнө таянып, ар бир топ түрдүү булактарды колдонуу менен (мисалы, интернет) программасынын негизги пункттарын ойлоп табуусу же толукташы керек. Бул балдарга ар түрдүү саясий багыттар тууралуу: мисалга алсак, либертариандык, социал-демократтык, консервативдик ж.б. жөнүндө түшүнүк алууга мүмкүндүк берет. Көнүгүүнүн бул басамагынын маңызы – окуучуларга саясий идеологияларды терең изилдөөгө жана өздөрүнүн жеке көз карашына ылайык баалуулуктарды баамдап табууга шыктандыруу. Саясий программаны түзүп, лидерди шайлап жатканда, партиялар кандайдыр бир терминдерди же маселелерди иликтөө үчүн, же болбосо баннер, таратылчу китепчелер, ураан ж.б. сыяктуу кошумча материалдарды интернет булактарынан териштирсе болот (көнүгүүгө бөлүнгөн убакыт жана ресурстарга жараша). Эми партиялар дебаттарга чакырылат. Партия лидерлери өз саясий программаларын таанытат (презентацияга болжол менен 3-5 мүнөт берилет). Презентациялардан кийин мугалим 4 лидердин баарына журналисттердин жана жарандык коомдун атынан суроо узатат (суроолордун үлгүлөрү «Материалдар» бөлүмүндө). Башка партиянын өкүлдөрү да суроо бергенге укуктуу. Суроолорго жооп берилген соң, класста кадимкидей добуш берүү жүргүзүлөт. Бардык окуучулар тигил же бул талапкерге добуш берүүгө укуктуу. Мугалим класска кайрылат:
- Силер кимге добуш берет элеңер?
- Өз тандооңордун себебин чечмелеп бергиле – силер жүрөгүңөр менен добуш бердиңерби (ким көбүрөөк жакса); акыл-эс мененби (маселенин чоо-жайын ким көбүрөөк түшүнүп/билсе) же жан дүйнө мененби (Х өлкөсүнүн көйгөйлөрүнө ким көбүрөөк күйсө/силердин баалуулуктарыңарга ылайыгыраак болгон чечим сунуштаса)?
- Демократиялык шайлоолордун артыкчылыктары жана кыйынчылыктары эмнеде?
- Дебаттардын өтүшүндө өзүнө тарткан/кызыктуу/насаат берүүчү/унутулгус нерселер кайсылар болду?
- «Дурус саясатчы» эмнеге/кандай сапаттарга ээ болушу керек?
Материалдар Х өлкөсүнүн сүрөттөлүшү Х өлкөсү – жумушсуздук, коррупция жана кылмыштуулук күч алган бай эмес өлкө. Укуктун үстөмдүгү коомдун негизги баалуулугу болуп эсептелбейт, ошол себептен калк сотторго, милицияга жана бийликтин башка бутактарына ишенбей, көйгөйлөрүн алы келишинче өзү чечет. Өлкө жакында эле эгемендүүлүккө жеткен. Көз карандысыз мамлекет статусуна ээ болгондон кийин Х өлкөсү революциялар жана куралдуу кагылышуулар менен коштолгон бир нече туруксуз мезгилден өттү. Эл аралык коомчулук өлкөнүн тагдырына активдүү катышчу жана катышып келет, бирок калктын бардык топторуна эле бул жага берген көрүнүш эмес. Көпчүлүктүн ою боюнча, «батыштын» таасири ашкере күчтүү болуп, Х өлкөсүнүн өздүк тиричилигине, салт-санааларына жана адаттарына ылайык өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратууда. Х өлкөсүндөгү демократиялык шайлоолорду эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өткөрүп келишет. Бул – салыштырмалуу жаңы практика болуп, элдин баары эле буга даяр эмес. Айрыкча элет жерлерде шайлоолорго болгон ишеним төмөн, ал эми катышуучулардын саны өтө аз. «Эркиндик» партиясы көп жылдан бери бийликте. Эгемендүүлүккө ээ болоор менен бийликти «Демократтар» партиясы алган, бирок көпкө кармап кала алган эмес. Аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында партияны кулатып, бийликке аскер, улуттук коопсуздук органдары жана башка күч структуралары тарабынан колдоо алган «Эркиндик» партиясы келген. Мындан сырткары партия каржы секторунун колдоосуна дагы ээ (банктар, ири бизнес ж.б.), себеби, өлкөдө эркин бизнес секторуна дал өзү жол ачып берген. «Феникс» партиясы бул партияны купуя колдоп, күч структуралары менен камсыздап жүрдү. Жыйынтыкта, «Эркиндик» партиясы бийлөөчү партия болгондон кийин «Феникс» өлкөнүн парламентинде көп орун ала алды. Азыркы парламентте «Демократтар» такыр жок. Көлөмү жагынан үчүнчү болгон «Коммунисттер» партиясы мурунку саясий камакка алынгандардан, «эгемендүүлүккө чейинки» доордун режиминдеги оппозиционерлерден турат. Жакында эле бийлик өкүлдөрү буларды катуу басымга ала баштады – кеңселеринде издөө жүргүзүп, партиянын жаштар канатын экстремисттик деп күнөөлөп, жабууга аракеттеништи. Эки жумадан кийин Х өлкөсүндө парламент шайлоолору өтөт. Ага бардык төрт партия тең катыша турган болду. Партиялардын мүнөздөмөлөрү: «Эркиндик» партиясы Либертариандык багыттагы партия. Ишмердүүлүк эркиндиги, төмөн салыктар жана кол тийбестик укугу үчүн күрөшөт. Партия мүчөлөрү негизинен ири жана орто бизнес ээлеринен, ортоңку класстын кээ бир өкүлдөрүнөн (мугалимдер, доктурлар, мамлекеттик кызматкерлер) турат. Азыркы тапта бийликте турган партия. «Демократтар» партиясы Социал-демократиялык багыттагы партия. Социалдык адилеттүүлүк, тилектештик жана теңдик үчүн чыгат. Ишмердүүлүк алып баргандыгы үчүн бизнес өзгөчө салык төлөшү керек деп эсептейт. Ошондой эле салык менен кирешенин катышын колдойт: киреше канчалык жогору болсо, салык салуунун пайызы да ошончолук жогору. Жакшы өөрчүгөн социалдык коргоо системасы бар толук кандуу өнүгүүгө шарт түзгөн күчтүү мамлекеттин түзүлүшүн жактайт. Негизги басымды социалдык жана экономикалык укуктарга жасайт: жакырчылык менен күрөшүү, бекер билим берүү менен бекер саламаттыкты сактоонун жеткиликтүү болуусу. Партиянын негизги мүчөлөрү – интеллигенция (илимпоздор, журналисттер, чыгармачыл адамдар, академиктер, публицисттер, жарандык сектордун жумушчулары, коомдук ишмерлер). Партиянын жаштар канаты абдан күчтүү. «Феникс» партиясы Консервативдик багыттагы партия. Салт-санааларга, адамдын жашоосундагы диндин ордуна өтө чоң басым жасайт. Мамлекеттин суверендүүлүгү менен тартипти коргоого милдеттүү болгон милиция, аскер жана башка күч структураларын бекемдөөнү жактайт. Бардык азчылыктарга (этникалык, диний ж.б.) мамилеси терс. Партия мүчөлөрү – негизинен элет жерлеринин тургундары жана аз маяналуу кесип ээлери. «Коммунисттер» партиясы Коммунистик багыттагы партия. Бардык жарандардын теңдигин жана мамлекеттик ресурстун текши бөлүнүшүн жактайт. Социалдык теңдикти үгүттөгөнү менен кээ бир этникалык топторго карата дискриминациялык көз караштагы пикирлерин билдирет. Динди өткөн замандын адаты катары көрүп, диний жашоонун бардык формаларына өзгөчө каршы. Саясий программасынын негизги пунктарынын бири – коррупцияга каршы күрөшүү. Партия мүчөлөрү — негизинен пенсия курагындагы адамдар жана кээ бир экстремисттик багыттагы кыймылдардын өкүлдөрү (мисалы, скинхеддер). Дебаттар үчүн суроолор:
- Чет өлкөлүк гезиттин журналистинен суроо: жакында эле Х өлкөсүндө адилеттүү соттун акысыз болбогонун уккам. Сотко пара берүүгө мүмкүнчүлүгү болгон тарап сотту жеңет. Бул маселени партиялар кантип чечүүнү пландоодо?
- Шайлоого үч жума калганда чогулууга бөгөт койгон мыйзам кабыл алынды. Көчөдө үчтөн ашык адам чогула турган болсо, аларды милиция кубалоого милдеттүү. Партиялардын бул мыйзамга көз карашы кандай?
- Х өлкөсүнүн облустарынын биринде жеке жашылча базасынын жумушчулары көз карандысыз профсоюздун катарына киргендиги үчүн жумуштан кетирилди. Партиялардын бул абалга көз карашы кандай?
- Бир ай мурун өлкөнүн аймактарынын биринде акылга сыйбас окуя болду: жаңы аскер базасын куруу максатында ушул жерде туулуп-өскөн жергиликтүү калктын көп бөлүгүн аймактан көчүп кетүүгө мажбурлашты. Көчүрүүгө Коргоо министрлигинин атайын отряддары катышышкан, жарандарга карата күч жана курал колдонулган. Жабыр тарткандар тууралуу расмий маалымат жок, бирок жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү болуп-өткөндөрдүн күбөсү болгондорун, территорияны таштап кетүүдөн баш тарткан адамдарды ур-токмокко алгандарын өз көздөрү менен көргөндөрүн айтышкан. Партиялардын бул адамдардын тагдырына кийлигишүү ою барбы? Болсо, кандай жол менен?
- Жакында Х өлкөсүнүн түрмөлөрүндө акылга сыйгыс жазалоолор орун алган окуяларды даректүү түрдө тастыктаган Amnesty International отчету жарык көрдү. Партиялар бул көрүнүшкө каршы күрөшүү үчүн чара колдонобу? Кандай чара?
- Жакында өлкөдө айыл өндүрүшүнүн жумушчулары ишин таштап бир катар забастовка уюштурушкан. Алдыда дагы ушундай иш чаралардын уюштурулаары айтылууда. Жумушчулар айлык акынын жогорулашын талап кылышууда. Айыл эмгекчилеринин маянасы чындыгында эле өтө төмөн, кээ бир аймактарда күнүмдүк жашоо минимумунан дагы төмөн. Партиялар бул көйгөйдү кантип чечүүнү пландоодо?
- Өлкөнүн сырткы карызы өсүп жатканынан улам Дүйнөлүк Банк Х өлкөсүнүн жетекчилиги эң жакынкы арада экономиканын натыйжалуулугун жогорулатууга карата чара көрүүсүн талап кылып арызданган. Мамлекеттик кирешенин көп бөлүгү (расмий билдирүү боюнча) учурда саламаттыкты сактоо, аскерди жана башка күч структураларын бекемдөө, ошондой эле жеке бизнести өнүктүрүүгө жумшалууда. Партиялар өлкөнүн экономикасынын натыйжалуулугун кантип жогорулатууну пландоодо?
- Соода тармагынын жумушчулар профсоюзунун өкүлүнүн суроосу: дүкөн ээлери менен көчө соодагерлеринин көбү кароосуз калган көчө балдары тарабынан уурулук, тоноолордун саны көбөйгөнүнө арызданууда. Алар милициянын натыйжалуу иштешин, бөгөт коюу чарасынын кыйла катаалдатууну талап кылышууда (айып пулдун ордуна үч жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза). Партиялардын бул тууралуу ою кандай?
- БУУ сыяктуу көптөгөн эл аралык уюмдар өздөрүнүн серепчилеринин Х өлкөсүндөгү шайлоолорго байкоочулук кылууга уруксат берилишин талап кылышууда. Бийлик өкүлдөрүнүн көпчүлүгү буга муктаждык жок деп талапка каршы чыгууда. Тескерисинче, алардын ою боюнча, бул – өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү болуп саналат. Сиздин буга болгон көз карашыңыз кандай?
Мугалим жана окуучулар өздөрү каалаган суроолорду да бере алышат. БУЛАК: Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
- коомтаануучулук терминология менен түшүнүктөр аппаратын колдонууну үйрөнөт;
- коомдук жашоонун уюштуруу жана өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле бүгүнкү күндүн глобалдык көйгөйлөрүнүн табиятын түшүнүү;
баалуулук максаттар аркылуу окуучу:
- турмуштук жана кесиптик жактан өзүн табуу жана өзүн өнүктүрүү жөндөмдөрүнө кызыгат жана өнүгүп-өсүүгө далалат кылат;
- чечим кабыл алууда айлана-чөйрө тууралуу билимдин маанилүүлүгүн аңдайт;
- билимин жана жөндөмдөрүн жеке, коомдук жана кесиптик иш-чараларда адекваттуу жана максатка ылайык колдонууга даяр болот;
- гумандуулук жана адамкерчиликтүүлүк баалуулуктарга болгон берилүүсү күчөйт.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ Бул көнүгүү социалдык мейкиндикте жана социалдык убакытта инсан линиянын алкагында талкуулоо үчүн ыңгайлуу болот. Көнүгүүнүн башкы өзөгү – окуучулардын болочок кесиби тууралуу жана адам укуктарына байланыштуу абалды кантип жакшыртуу, жок дегенде ал абалды ого бетер начарлатып албоодо кандай салым кошо ала тургандары жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү берүү. Кеп адам укуктарын ар кандай жолдор менен коргоо мүмкүн жана ал үчүн сөзсүз эле укук коргоочу болуу шарт эмес экендигинде. Ар бир кесип, өзгөчө мамлекеттик кызмат, адам укуктарына түзмө-түз таасир этет. Мамлекеттик кызматта адам укуктарынын мааниси ачык айкын эмеспи. Окутуунун бул этабында окуучулар мамлекеттин адам укуктары жаатында негизги жоопкерчиликтүү тарап болгонун билиши керек. Демек, ар бир мамлекеттик кызматкер адам укуктарын эске алышы зарыл, себеби, ал мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат. Мугалим болобу, милиционер болобу, кызматкер же аскер болобу – мамлекеттик структуралардын бардык кызматкерлери өз ишинде адам укуктарын эстен чыгарбашы кажет. Журналисттер менен жарандык коомдун өкүлдөрүнө келсек, булардын да иш-аракеттери адам укуктары менен айкын байланышта болгону турган кеп. Бул жерде жарандык коом эмне экенине токтолуп, Кыргыз Республикасындагы коомдук уюмдардын мисалдарын келтирсе болот. Көптөгөн коомдук уюмдар мектептерге өз иш-аракеттерин тааныштырган презентациялар менен келүүгө даяр. Мындай мүмкүндүктү колдон чыгарбай, класска жергиликтүү КЭУ өкүлдөрүн кеңири докладдар менен чакырууга болот. Максат – адам укуктарынын негизинде бийликтин жоопкерчилик жана ачыктык принциптери, ошону менен бирге эле чакыруу/инклюзивдүүлүк принциптери жатаарын класстын аң сезимине жеткирүү. Так ушул принциптер жарандык коомду коомдун өтө маанилүү институту катары көрсөтөт. Жарандык коом дагы, журналисттер дагы бийликке коомдон жашырынууга жол бербейт; алар ар дайым бийликтин кыймыл-аракетин текшерип, элге жеткирип турушат – демек бийлик ишинин ачык болуусуна салым кошушат. Бул аракеттер бийликке жеке эмес, эл камын ойлоп, эл кызыкчылыгын коргоого аттанып, өз кадамдары менен чечимдери үчүн жоопкер болгондугун эсине салып турат. КЭУ иштеринде инклюзивдүүлүк принцибинин өзгөчө орду бар. Ансыз деле бул уюмдар белгилүү бир топтун өкүлдөрүнүн укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн да. Балдардын, аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ж.б. укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн КЭУ бар. Алардын аракеттеринен улам бул топтор бийликтин «көзүнө көрүнүп», КЭУ алардын кызыкчылыктарына көз жуумп калууга жол бербейт. Ошол топтогу адамдардын өздөрү да чечим кабыл алуу процессине катышышат, себеби, инклюзивдүүлүк принцибинин маңызы так ошондо эмеспи. Класска жеке сектордун да адам укуктарына тиешеси бар экенин айтып берүү керек. 2011-жылы БУУ «БУУнун Адам Укуктары жана Бизнес боюнча Жетектөө Принциптерин» кабыл алган. Бул документ бизнестин адамдардын жашоосуна, демек, укуктарына дагы өтө зор таасири бар экенин баса белгилейт. Азыркы заманда бизнес ресурстары эбегейсиз көлөмдө (айрым мамлекеттердикинен дагы чоң). Бул бизнестин адам укуктарына оң жагынан да, терс жагынан да таасири күчтүү дегенди билдирет. Оң таасирине токтоло кетсек, көпчүлүккө «КСЖ – корпоративдик социалдык жоопкерчилик» термини таанымал. Бул термин компания белгилүү бир территориядагы белгилүү бир топ үчүн тиричилик шарттарын жакшыртууга салым катары каражат же башка жол менен жардам жумшайт дегенди түшүндүрөт. Мисалы, бала бакчалар, оорукана, мектептерди куруу, демөөрчүлүк жана башка кайрымдуулук иштери ушуга карайт. Бул жакшы демилге болгону менен белгилүү бир системага отургузулбаганын, компания тарабынан белгиленген убакта уюштурулбаганын жана бир күнү токтоп калаарын да эстен чыгарбоо зарыл. Адам укуктары жана бизнес – бул жогорудагы БУУ тарабынан чектелген, башкача айтканда, эл аралык укук менен бекитилген майдан. Ал сөзсүз түрдө аткарылышы керек болбосо дагы, өлкөлөр менен чоң корпорациялар ага олуттуу мамиле жасап, аткарганга далалат кылышат. Документ бизнестин адам укуктары боюнча тобокелчиликтерди жана өзүнүн милдеттерин эске алып, жок дегенде зыян келтирбешин талап кылат. Ошондой тобокелчиликтердин алдын ала албай калган абалдарда бизнес адам укуктарынын бузулуусунун курмандыктарынын залакаларын компенсациялап берүүгө милдеттүү. Адам укуктарынын бузулуусунун мисалдары катары балдар эмгегин же мажбурлап иштетүүнү; айлана-чөйрөнү булгоо; завод куруу үчүн жергиликтүү калкты көчүүгө мажбурлоо ж.б. келтирсе болот. Бул теманы толук ачып берүү үчүн мугалимге БУУнун Жетектөө Принциптери менен таанышуу (чакан документ, болжол менен 20 беттен турат) жана/же Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жарыяланган Даниянын Адам Укуктары боюнча Институтунун «Адам укуктары жана бизнес» онлайн-курсун өтүү сунушталат. Үч жаатты: мамлекеттик кызмат, коомдук сектор жана жеке секторду окуучуларга тааныштырууда лекцияларды пайдаланса болот, же болбосо ар бир сектордун өкүлдөрүн класска чакыруу да жакшы пикир (убакыт жана мүмкүнчүлүктөргө жараша). Көнүгүүдөгү эң маанилүү нерсе – аталган үч сектордун кесиптерине адам укуктары элементин камтуу. Презентациянын аягында окуучуларга «Мен кантип укук коргоочу болом» темасы боюнча кыска эссе жазуу тапшырылат. Бул эсседе окуучу кайсы кесипти тандаары жана адам укуктары менен кантип (түзмө-түз же кыйыр) иштеше турганына байланыштуу суроолорго жооп бериши керек. Материалдар: Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган. БУЛАК: Даниянын Адам Укуктары боюнча Институту
- коомтаануучулук терминология менен түшүнүктөр аппаратын колдонууну үйрөнөт;
баалуулук максаттар аркылуу окуучу:
- социалдык чөйрөгө жана социалдык кубулуштардын түрдүүлүгүнө болгон кызыгуусу артат;
- турмуштук жана кесиптик жактан өзүн табуу жана өзүн өнүктүрүү жөндөмдөрүнө кызыгат жана өнүгүп-өсүүгө далалат кылат.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ Бул көнүгүү маданий көп түрдүүлүк линиянын алкагында талкуулоо үчүн ыңгайлуу болот. Окутуунун бул этабында окуучулардын адам укуктары жана алардын түзүлүшү туурасында түшүнүктөрү жетишинче жакшы болуш керек. Бул сабак көбүрөөк адам укуктарына тиешелүү дилеммалар темасына арналган, себеп дегенде, адам укуктарынын көбү бири-бирине карама-каршы келген учурлар болбой койбойт. Окуучуларга адам укуктарына тиешелүү ар түрдүү тезистер белгиленген карточкаларды таратыңыз (карточкалардын үлгүлөрүн «Материалдардан» караңыз). Окуучулар тапшырманы мугалимдин айтканына жараша же өз алдынча, же парталашы менен чогуу аткара алышат. Парталашы менен иштөөдө окуучулар чечимди чогуу кабыл алып, бирге талкуу жүргүзүү жөндөмүн да өөрчүтөт. Мугалим ар бир коомдун өзүнө тиешелүү ар түрдүү кыйынчылыктары жана көйгөйлөрү бар экенин түшүндүрөт. Бул көйгөйлөрдү чечүү – жөнөкөй иш эмес, себеби, аларды чечүүдө бири-бирине каршы болгон эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алууга туура келет. Социалдык маанидеги чечим кабыл алуу өтө оор, бул учурда адам укуктарына таянуу да майнап бербеши толук ыктымал. Адам укуктары табияты боюнча бардык адамдардын кызыкчылыктарын коргоого багышталган. Демек, алардын тематикасы, жөнү жана багыты бири-бирине кайчылаш болот да, бардык адамдардын кызыкчылыктарын бир убакытта коргоо эч качан мүмкүн болбойт. Окуучулар карточкаларды бриллиант түрүндө – 5 саптан турган ромб катары тизип чыгышат: - -- - - - -- - Мугалим карточкалардын кандай тартипте жайгашканын тактага чийип түшүндүрүп берет: жогорку саптагы карточка – окуучуга эң жакын болгон тезисти аныктайт. Экинчи катар – азыраак жакын болгондор жана ушул тартип менен азайып отуруп, бардыгы жайгаштырылат. Мугалим балдардан ар бир ырастоо боюнча мисал келтирүүлөрүн да суранат. Бул кандайдыр бир резонанс жараткан жаңылык же аталган учурду чагылдырган жеке окуя да болушу мүмкүн. Балдар мисал келтире албай калган учурларда мугалим өрнөктөрдү камдап турганы дурус (мисалдар «Материалдарда»). Эгер класс «күчтүү» болсо, тапшырманы, топторго бөлүнүп алып, талкуу аркылуу аткарууга берсе болот. Тапшырманы аткарууга 10-15 мүнөт бөлүнөт. Бардык окуучулар карточкаларын жайгаштырып бүткөн соң, мугалим балдардын тандоолорун түшүндүрүп беришин сурайт:
- Кайсы ырастоолорду эң жогору жайгаштырдыңар, эмне себептен?
- Кайсы ырастоолорду эң төмөн жайгаштырдыңар, эмне себептен?
- Жаңылыктардан же өз жашооңордон мисал келтиргиле.
- Бул ырастоолор бизге адам укуктары жөнүндө эмне айтып, кандай мүнөздөмө берип жатат?
Карточкаларды жайгаштыруу оор болгондуктан, көп учурда окуучулар бул тапшырмадан баш тартууга аракеттенишет. Бул учурда адам укуктары – бул мамлекет менен кишинин алакаларын жөнгө сала турган «жөн гана» юридикалык стандарт экенин класстын эсине салууга болот. Бул стандарттарды өлкөнүн улуттук контекстинде интерпретациялоо жана жүзөгө ашыруу – жөнөкөй маселе эмес. Тилекке жараша, өлкөдө буга көмөктөшкөн көп сандаган улуттук жана эл аралык КЭУ бар. Алар, адам укуктары карама-каршылыктарга карабастан, корголуусуна багытталган өздөрүнүн сунуштамаларын, адистик тыянактарын жана академиялык иштери менен бөлүшүшөт. Материалдар: Карточкалар үчүн ырастоолор (басып чыгарып, бүт класска таратып бериңиз):
Адам укуктары жеке инсандын кызыкчылыктарын коомдун же жамааттын кызыкчылыктарынан жогору коёт | Адамдын кээ бир укуктарын башкалардын коопсуздугун сактоо үчүн чектөө керек | Адамдар сөз эркиндиги үчүн өздөрүнө айтылган акаараттарга көнүүгө аргасыз |
Жер жүзүндө жакырчылык жоюлмайын, адам укуктарын коргоодо майнап жок | Адам укуктары белгилүү бир топтордун кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн колдонулат | Батыш адам укуктарын бүткүл дүйнөгө таңуулоодо |
Адам укуктары укуктар жөнүндө көп сөз кылганы менен милдеттер тууралуу аз гана эскертет | Адам укуктары универсалдуу кызыкчылыктар жөнүндө эскерткени менен бир эле өлкөнүн контекстинде аныкталат | Адам укуктарын чыныгы кооптуу учур же коркунуч жаралганда чектөөгө болот |
Ырастоо үлгүлөрү: Адам укуктары жеке инсандын кызыкчылыгын коом жана жамааттыкынан да жогору коёт: акыркы мезгилдерде адистердин заманбап коомдун улам индивидуалдашып баратканын айтканын угууга болот. Тагыраак айтканда, жамааттын кызыкчылыгы экинчи планга өтүп, жеке инсандын кызыкчылыгы алдыга чыгууда. Бул көрүнүш кандай учурларда байкалууда? Мисалы, коомдук кыймылдарга жана коомдук уюмдарга катышуунун популярдуулугунун азайышы, профсоюз жана башка жамааттык бирикмелердин таасиринин төмөндөшү. Ошол эле учурда социалдык тармактар адамдардын жеке өздөрүнө кайрылуусун/чөмүлүүсүн, жеке ийгилик, сулуулук, жетишкендик жана барчылыгын көрсөтүүсүн колдошот. Башкалардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кээ бир адамдардын укуктарын чектөөгө туура келет. Буга эң жакшы мисал – түрмөлөр. Ар кайсы өлкөлөрдө абак системасы жазалоодон баштап эскертүүгө чейин түрдүү маселелерди чечүүгө багытталган. Көп учурда түрмө бир нече милдетти аткарышы мүмкүн, бирок алардын баарынын негизи бир – коомчулукту кооптуу же болочокто кооптуу боло ала турган кылмышкерлерден коргоо. Мындай жол менен мамлекет бирөөнүн укуктары менен эркиндигин чектөө менен башкаларды коргоо алдына алат. Абакка алынган кылмышкерлерди бардык укуктарынан ажыратпаганын да эске салуу керек. Эң маанилүү нерсе – кылмышкердин укук жана эркиндиктери менен кылган иши үчүн алган жазасы арасындагы чек. Бул олуттуу башкатырманы ар бир өлкө өз алдынча чечет. Адамдар сөз эркиндиги үчүн өздөрүнө айтылган акаараттарга көнүүгө аргасыз. Ар кайсы өлкөдө «сөз эркиндиги акаараттан коргонуу укугуна каршы» деген башкатырманы ар түрдүү кабыл алат. Мисалы, Европанын көп өлкөлөрүндө көпкө чейин динге ишенгендердин сезимдерин акаарат кылууга тыюу салган мыйзамдар бар эле. Европалык цивилизациялардын көбү акыркы жылдары бул мыйзамды жоюшту, себеби, сөз эркиндиги алар үчүн эң маанилүү баалуулук болуп саналат. Ошону менен бирге эле мындай мыйзамды жакында эле Россияда кабыл алышты. Буга кошумчалап бийликти акаарат кылууга тыюу салынды. Бул ММК үчүн олуттуу чектөө салууда, алар эми ар бир сөзүн, макаласын чыпкадан өткөрүүгө аргасыз. Жек көрүүдөн улам сөз айтуу жөнүндө да айтып кетпесе болбос. Көптөгөн өлкөлөрдө бул маселе олуттуу орун алган – улуттук азчылык сыяктуу белгилүү бир топтун өкүлдөрүнө агрессивдүү күүлөнүп алган адамдар аларга карата акарат кыла беришет. Бул жан дүйнөгө терең жаракат калтырган терс тажрыйба болуп кала берет. Мындай акаараттардан коргоо сөз эркиндигинен ажыратат. Буга карабастан, көп өлкөлөрдө жек көрүү негизинде айтылган сөздөрдү өзүнчө кылмыш же оорлотуучу шарт катары кабыл алган кошумча кылмыш жана административдик мыйзамдарды кабыл алышууда. Жер жүзүндө жакырчылык жоюлмайын, адам укуктарын коргоодо майнап жок: мындай пикир көпчүлүктүн «жакырчылык адам укуктарынын иштешине тоскоолдук жаратат» деген ишеними менен байланыштуу. Эгерде адам толук жакырчылыкта жашаса, анын сөз эркиндиги же чогулуш эркиндиги тууралуу ойлонууга чамасы да жок. Эгерде баланын жей турганга эч нерсеси болбосо, чечим кабыл алууда анын пикири эске алынып-алынбаганы ал үчүн баары бир. Мындай көз карашта болгон адамдар дүйнөдө алгач жакырчылык маселеси чечилиши керектигин, ал эми адам укуктары күтө турса да болот деп эсептешет. Бул пикирге кошулбай коюу да кыйын, бирок, суунун, тамактын, саламаттыктын жеткиликтүү болуусу дагы адамдын укугу болуп саналат да, укук коргоочу коомчулукта буга өтө чоң көңүл бурулат. Адам укуктары табияты боюнча «эң маанилүү» жана «өтө маанилүү эмес» деп, бөлүнбөй тургандыгын дагы эске алуу керек. Адам укуктары белгилүү бир топтордун кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн колдонулат: бул түшүнүктү көп учурда коомдо ынанымдары же кызыкчылыктары кабыл алынбаган адамдардын тобуна карата колдонушат. Мисалы, сексуалдык азчылык, белгилүү бир диний агым же жамааттардын өкүлдөрүнө карата. Бир тараптан, башкалар менен бирдей болгон укуктарга ээ, экинчи тараптан, коом алардын кызыкчылыктарын/салттарын коомдун баалуулуктарына төп келбейт деп эсептеп, ортодо катуу кагылуулар орун алат. Ошондой эле бул түшүнүктү белгилүү бир топтун мүчөлөрүнүн өз укуктары үчүн болгон күрөшүүсүн аша чапкандык деп эсептегендерге карата колдонушат. Мисалы, акыркы учурда феминисттерге карата шылдың сөздөр же жагымсыз пикирлер айтылып келүүдө. Көпчүлүк «аялдардын өз укуктары үчүн күрөшү – эркектерге каршы ачылган согушка айланды» деп ойлойт. Дагы бир мисал катары, окуучулардын «Баланын укуктары жөнүндө ООН Конвенцияны» максатка ылайык эмес, ата-энесине оюнчук алдыртуу же мугалим жаман баа койгондо ага арыздануу үчүн колдонушат деген пикирди келтирсек болот. Батыш адам укуктарын бүткүл дүйнөгө таңуулоодо: өзгөчө Азиядагы өлкөлөрдүн тургундарынын укуктарына каршы болгон классикалык аргумент. Эч кандай чындыкка негизделген эмес. Адам укуктары курамына Советтер Союзу, Индия, Кытай жана Латын Америкасынын өлкөлөрү кирген эл аралык топ тарабынан түзүлгөнүн билүү маанилүү. Бирок, Батыштын өлкөлөрү экономикалык жактан өнүккөн болгондугуна байланыштуу, адам укуктарынын башка өлкөлөрдө да өнүгүүсү үчүн өзүнүн улуттук ресурстарынын кайсы бир бөлүгүн жумшай ала тургандыгын кээ бир тараптар таңуулоо катары кабыл алышат. Чындыгында адам укуктары «бүт дүйнө» менен чогуу түзүлгөн жана анын баалуулуктары универсалдуу болуп саналат. Болгону көп өлкөлөрдүн аларды ишке ашырууга ресурс жана мотивациясы жетпейт. Адам укуктары укуктар жөнүндө көп сөз кылганы менен милдеттер тууралуу аз гана эскертет: бул аргумент Бала укуктары жөнүндө ООН Конвенцияны талкуулоодо көп айтылат. Бул пикирдин ээлери «балдардын көп укуктарга ээ болушу – аларды чоңдорду коркутуу сыяктуу терс максатта колдоно баштаганы» тууралуу кеп салышат. Бул аргумент башка конвенцияларга карата да айтылат: адам баласы укуктарын жеке максаттарына жетүү үчүн колдонуп, өзүнүн жана/же жакындарынын тагдыры үчүн жоопкерчилик эмей эле, жеке эгоизминин көрсөткүчү деп билишет. Адам укуктары универсалдуу кызыкчылыктар жөнүндө эскерткени менен бир эле өлкөнүн контекстинде аныкталат: бул пикир сексуалдык азчылык же аялдардын укугу сыяктуу курч жана чукул суроолорду талкууда көп айтылат. Көптөгөн маданияттарда тигил же бул көрүнүштөргө, топторго ж.б. карата олуттуу так коюлган. Бул көрүнүштөр же топтор адам укуктарынын негизинде корголуп жатканда, алардын улуттук, маданий салттарга, тарыхый жана диний адаттар менен шайкеш болбогондугу туурасында пикир айтылат. Адам укуктары универсалдуу баалуулуктар болгонун, ал эми аларды тастыктаган документтер көпчүлүк мамлекеттер тарабынан кабыл алынганын эстен чыгарбоо зарыл. Улуттук баалуулуктар менен адам укуктарынын баалуулуктарынын тең салмактуулукта жана тынчтыкта өкүм сүрүүсү – татаал жана оор процесс (бул учурда класстан салт-санаа жана үрп-адаттарынын адам укуктарына дал келбегендеринин мисалдарын келтирүүсүн суранса болот). Адам укуктарын чыныгы кооптуу учур же коркунуч жаралганда чектөөгө болот: бул жерде кеп улуттук коопсуздук туурасында жүрүүдө. 2001-жылдан тартып бүткүл дүйнө терроризмге каршы глобалдык согуш жүргүзө баштады. Бул согушта адам укуктары кыйла жабыркады, себеби, көптөгөн өлкөлөрдө тартип сактоо органдары тарабынан жеке инсандардын уюлдук телефондогу сүйлөшүүлөрүн угуу, билдирүүлөрүн жана электрондук каттарын окуу сыяктуу киришүүлөргө жол ачкан мыйзам кабыл алышты. Эгерде айыпталуучу террорист катары шектелсе, анын укуктарын коргоо кыйла эле татаал боло түштү. Көп учурда тартип сактоо жана/же улуттук коопсуздук органдары сот/ордер санкциясыз эле адамдарды камоого укуктуу. Бул эрежелер жаран катары бизди бийлик тарабынан капыс камоолордон жана аңдуулардан коргоого багытталганын эскерте кетүү керек. Үй тапшырма. Адам укуктары боюнча өз пикирлерин жана өз алдынча "адам укуктары алмазды чогултабыз." БУЛАК: Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
- коомтаануучулук терминология менен түшүнүктөр аппаратын колдонууну үйрөнөт;
ишкерчилик максаттар аркылуу окуучу:
- иш жүзүндө тексттик, сандык жана символдук маалыматтарды колдонот;
баалуулук максаттар аркылуу окуучу:
- социалдык чөйрөгө жана социалдык кубулуштардын ар түрдүүлүгүнө кызыгуусу артат;
- чечим кабыл алууда айлана-чөйрө тууралуу билимдин маанилүүлүгүн аңдайт.
КЕҢИРИ ТҮШҮНДҮРМӨ Бул көнүгүү маданий көп түрдүүлүк линиянын алкагында талкуулоо үчүн ыңгайлуу болот. Заманбап дүйнөдө биз үчүн эбегейсиз көлөмдөгү маалыматка жол ачык. Бул, бир тараптан, заманбап адамдын артыкчылыгы болуп көрүнөт – биз өз өлкөбүз жана дүйнөдөгү окуялардан кабардарбыз, ошондой эле жаңы билим алууга, эски маалыматты жаңылоого кудуретибиз жетет. Эң башкысы, колубузда интернетке байланган гаджетибиз болсо болду. Экинчи тараптан, маалымат кылымы – кооптуу кылым. Биз ашып-ташып турган маалыматтан канчалык көз каранды болсок, бизди башкаруу ошончолук жеңил. Азыркы заманда согуштар аңгектерде куралдын күчү менен эмес, маалымат мейкининде жүрүп жатканын айтышат. Ошондуктан, балдарды маалыматты туура таанып, ажыратууга үйрөтүү абдан маанилүү. Бул көнүгүү калп кабарлар менен иштөөдө бир нече ыкманы сунуштайт. Көнүгүүнүн негизи – маалыматты таратуунун ар түрдүү жолдорунун жана айырмачылыгын аныктаган лекция. Ошол лекцияга таянып, класс үй тапшырма катары бир эле маалыматтын бир нече булак тарабынан сунулганынын мисалдарын табышы керек. Мугалим сабакты заманбап жашоодогу маалыматтын мааниси тууралуу лекция менен баштайт. Маалыматтын көлөмү кыйла өскөнү салыштырмалуу жакынкы арада эле башталганын эскертип өтүү кажет. «Маалымат жарылуусунун» терс жана оң тараптары эмнеде? Мугалим мурда маалымат кандай жол менен таралаарын, мисалы, гезиттердин кандай орду болгонун (аларды көчөдөгү атайын дубалдарга илишчү) жана адамдардын бири-бирине узун каттарды кол менен жазышкандарын мисал келтирсе болот. Бүгүн болсо маалымат өтө тез тарайт. Окуучулар өздөрү мисал келтирсе болот. Маалымат – башкаруунун эң жакшы ыкмасы экенин да окуучулардын эсине салуу зарыл. Бүгүнкү күндө маалымат майданында монополия ээси болгон тарап адамдар үстүндө чексиз бийликке ээ. Так ушул себептен Советтик Союз учурунда цензура маанилүү болгон. Цензуранын жардамы менен бийлик адамдардын аң сезимине эмнени сиңирүү мүмкүн экенин толук көзөмөлгө алып, демек, калктын ойлорун каалаган багыт боюнча жөндөй алчу. Маалыматтын таркалышына тиешеси болгон ар бир уюмда (гезит жана журнал редакциялары, театрлар, киностудиялар, радиостанциялар ж.б.) сөзсүз түрдө цензура институту болгон. Себеби, көз карандысыз булактары жок болчу, маалыматты текшерүү же башка көз караштагы пикирди угуу мүмкүн эмес эле. Ушундан улам калктын үстөмдүк кылган бөлүгү үгүттүн курмандыктары болчу. Бүгүнкү күндө маселе, тескерисинче, маалымат булактарынын өтө көп болуп, керектөөчүгө кайсынысын ишенип тандоо кыйынчылыгы жаралууда. Жыйынтыкта, көпчүлүк адамдар бир же эки гана маалымат булагын тандайт да, угуп-көргөнүн ылгабастан кабылдайт. Бул, өз кезегинде, маалыматтын ар түрдүүлүгү жана эркиндиги өкүм сүрүп турган доордо үгүттүн курмандыгы болуп калуу оңой экендигин тастыктайт. Маалыматтын ар кандай түрлөрүн айырмалаш үчүн ар бирине аныктама берип, үлгүлөрү менен кошо көрсөтүү кажет:
- үгүт
- калп кабар (фейк)
- цензура
- өздүк цензура
- жарнама (ачык жана купуя)
- PR-кампаниялар
- социалдык жарнама
Жогоруда саналып өткөн маалыматтык кубулуштар интернет колдонуучуга байма-бай кездешет. Эгерде аларды айырмалоону билбесек – үгүттөөнүн же манипуляциянын курмандыгы болуп калуу оңой эле («Материалдарды» караңыз). Маалымат колдонуучуга таасир этүүнүн тигил же бул ыкмаларын айкын көрсөтуп берүү үчүн мугалим жогорудагы категориялардын ар бирине мисал бере алат («Материалдарды» караңыз). Же болбосо, лекциянын бул бөлүгүн интерактивдүү өткөрүү максатында мисалдарды табууну окуучуларга тапшырса болот. Бул үчүн окуучулар мугалим берген аныктамалардан кийин өздөрү вариант сунуштап көрүшөт. Окуучулардан жогоруда аталып өткөн маалымат түрлөрүнүн кайсыларын жеке жашоосунда кезиккендерин сураңыз. Көп учурда мугалимдер (негизи эле чоңдор) балдардын маалымат табуу жана ылгоодо тажрыйбаларына татыктуу баа беришпейт. Интернеттин заманында балдар жана өспүрүмдөр күн сайын эбегейсиз деңгээлде маалымат алышат (кээде чоңдордун да кабары болгондон да көп). Ошондуктан бул теманы балдардын тажрыйбасын колдонуп өткөргөн туура. Сабактын экинчи бөлүгү калп кабарларга же жалган жаңылыктарга арналган. Аларга өзгөчө кылдаттык менен токтолуу зарыл, себеби ал – маалымат жаатындагы манипуляциянын эң көп таркаган түрү. Мугалим балдарга жалган жаңылыктарды аныктап билүүнүн маанилүү экенин түшүндүрөт. Болбосо, биз баарыбыз баш тегеретүүнүн курмандыктарына айланабыз дагы, бизди алдоо жана адаштыруу оңойго туруп калат. Бул терс көрүнүштүн эң эле жөнөкөй кесепети – талаш-тартыштарга, коомдун ынтымаксыздыгына, атүгүл согуштарга дагы алып келиши. Заманыбызда болуп өткөн бир мисал – Россия жана Украинанын ортосунда болуп жаткан маалыматтык согуш. Маалыматтык согуш эки тараптан тең жүргүзүлүп жатат, жыйынтыкта, карапайым калктын ичинде чыныгы аскер кыймыл-аракеттерине жана агрессия актыларына алып келип жатат. Калп кабарларды аныктоонун ыкмаларын санап өткүлө («Материалдарды» караңыз). Класстан тизмеге кошо турчу сөзү бар бекенин сураңыз. Балдарга жалпы окуучуларды калп кабарлардын кылтагына түшүп калбоону, аларды кантип аныктоону үйрөткөн графикалык плакат даярдоону тапшырыңыз. Плакатты класска гана эмес, колдон келсе көбөйтүп, мектептин ар кайсы жерине илип койсо болот. Материалдар: Аныктамалар
- Үгүт: коомдук пикирге таасир этип жана/же белгилүү жүрүм-турумга түртүү максатында берилген маалымат.
- Калп кабарлар: акчалай, саясий же башка киреше алуу максатында калк ичинде атайылап адаштыруучу маалыматты таркатуу.
- Цензура: маалыматтын мазмунун жана таркалышын тескеген көзөмөл жана башкаруу системасы.
- Өздүк цензура: автордун өзүнүн чыгармаларын, макалаларын ж.б. атайылап оңдоосу.
- Жарнама (ачык жана купуя): белгилүү бир продуктту жактоо, сатуу максатында түзүлгөн коммерциялык маалымат түрү.
- PR-кампаниялар: белгилүү бир продуктту, адамды, көрүнүштү жактоо максатында түзүлгөн жалпы стратегия алдында уюштурулган иш-чаралар комплекси.
- Социалдык жарнама: коомдун көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу же белгилүү бир жүрүм-турумга (мисалы, тамеки тартуу) назар топтоо максаты менен түзүлгөн коммерциялык эмес иш-чара түрү.
Калп кабарларды кантип аныктоо мүмкүн: Кеңештер stopfake.org сайтынан алынды. Бул – украиналык журналисттердин жалган кабарларга каршы күрөшүү үчүн түзгөн ресурсу. Калп кабарды кантип аныктоо керектиги тууралуу макала бул шилтеме аркылуу: https://www.stopfake.org/ru/kak-raspoznat-fejk/ Макаланын негизги тезистери:
- Фотофейк: эгерде макалада фотосүрөт колдонулса, анын түп нускасын текшерүү кажет. Муну бир нече ыкма менен аткаруу мүмкүн, эң жөнөкөй ыкма – сүрөттү Google аркылуу издеп көрүү. Эгерде сүрөт фотошопто жасалса, демек, жаңылыктын да калп болгону анык.
- Видеофейк: сүрөттү аныктагандай оңой эмес, бирок аныктоо мүмкүн. Бул учурда Youtube ресурсунан пайдалануу – эң оңой жол. Жалган жаңылыктарды чыгарууда көп учурда башка видеолорду жаңы контекстке салып коюп эле колдоно беришет. Ошондуктан бул видеонун мурда башка булакта чыгып-чыкпаганын жана алдыдагы жазууга канчалык деңгээлде төп келээрин билүү маанилүү.
- Күбөлөрдүн тастыктоосу: текшерүү кыйын, бирок болбой турчу иш эмес. Алардын айтып жаткан ар бир сөзүнө кунт коюп кулак салып, профили менен салыштырууга болот. Көп учурда кылдаттык менен тыңшоо кээ бир келишпестиктерди табууга мумкүндүк түзөт.
- Башка ММК жарыяланышы: ММК көп учурда бири-бирине шилтеме кылышат, өзгөчө батыш басма сөздөрүнө, себеби аларды текшерүү кыйын. Кабардын алгачкы булагын табуу маанилүү. Эгерде жаңылык түп нускасына шайкеш келип жатса, ага ынанууга болот. Бирок көп учурда шайкеш келбей калат.
Эл аралык Китепканалар Бирикмелеринин жана Уюмдарынын Федерациясы калп кабарларга кантип каршылык кылууну көрсөткөн плакат жарыялаган. Аны класс плакат даярдоодо үлгү катары колдонсо болот жана бул шилтеме аркылуу табуу мүмкүн: https://commons.wikimedia.org/wiki/File:How_to_Spot_Fake_News.pdf?uselang=ru Калп кабарды аныктоо боюнча башка пайдалуу кеңештер:
- Булактарды текшериңиз – маалымат кайдан алынды, аны жайган басмаканага/ММК/булакка ишенүүгө болобу?
- Жаңылык канчалык деңгээлде чындык болушу мүмкүн – окуп/угуп/көргөнүңүз боюнча акыл калчап көрүңүз. Кээ бир учурда калп кабарды аныктоо үчүн жөн гана акыл-эсти колдонуу жетишээрлик.
- Маалымат теманы канчалык деңгээлде терең жана ар тараптуу чагылдырууда? Эгерде сизге кандайдыр бир пикирди таңуулоо аракетин байкасаңыз, демек, ошондой болуу ыктымалдуулугу да бар.
- Окуп/көргөн нерсеңер логикага жатабы? Маалыматтын айтайын дегени канчалык тез кабылданат? Ойдон чыгарылган маалымат көп учурда логикага жатпайт. Автор чындык менен сүрөттөөлөрдү чаташтырып, ойдон ойго аттап, бири-бири менен байланышы болбогон окуяларды бир логикалык жипке тизүүгө аракеттенет.
- Мазмун менен кейиби төп келишеби? Калп кабарларда көп учурда сүрөт башка, видео башка, текст башка булактардан алынышы мүмкүн. Видео же фото жаңылык мазмунун канчалык деңгээлде толук сүрөттөгөнүн текшерүү маанилүү.
БУЛАК: Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.
- коомтаануучулук терминология менен түшүнүктөр аппаратын колдонууну үйрөнөт;
- табигый жана социалдык кубулуштардын айкалышуу принциптерин түшүнөт, гендердик ролдордун калыптанышындагы тарыхый өзгөрүү жана социалдык-саясий факторлорду эске алуу менен бирге социалдык мейкиндиктин (ноосфера) жана социалдык мезгилдин курулуу жана иштөө өзгөчөлүктөрүнүн божомолу аркылуу багыт табууну үйрөнөт;
ишкерчилик максаттар аркылуу окуучу:
- чыныгы изилдөөлөрдү өткөрүү тажрыйбасына ээ болот (байкоо жүргүзүү, сурамжылоо, салыштыруу, ар түрдүү маалымат булактары менен статистикалык маалыматтарды интерпретациялоо);
баалуулук максаттар аркылуу окуучу:
- социалдык чөйрөгө жана социалдык кубулуштардын ар түрдүүлүгүнө кызыгуусу артат;
- чечим кабыл алууда айлана-чөйрө тууралуу билимдин маанилүүлүгүн аңдайт;
- билимин жана жөндөмдөрүн жеке, коомдук жана кесиптик иш-чараларда адекваттуу жана максатка ылайык колдонууга даяр болот;
- ар бир адамдын, коомдук топтун жана өлкөлөрдүн карым-катнаштарында укуктардын гана эмес, милдеттердин да ордун аңдайт;
- гумандуулук жана адамкерчиликтүүлүк баалуулуктарга болгон берилүүсү күчөйт.
кеңири түшүндүрмө Бул көнүгүү маданий көп түрдүүлүк линиянын алкагында талкуулоо үчүн ыңгайлуу болот. Мугалим лекцияны «Дискриминация жана стереотиптер» темасына багыштайт. Окутуунун бул этабында класстын адам укуктары жана дискриминациянын айырмачылыктары тууралуу жалпы түшүнүгү болушу зарыл. Класстын даярдыгына жараша мугалим лекциянын татаалдыгын аныктап алат. Лекция үчүн керектүү материалдарды Билим берүү жана илим министрлигинин сайтындагы онлайн-курстан тапса болот. Лекция жүрүшүндө калк арасында калыптанып калган кээ бир түшүнүктөрдүн, т.а. стереотиптердин орун алышында эч кандай деле терс көрүнүш жок. Стереотиптер бардык коомдордо болуп келген жана болот; бул адамдар арасындагы мамилелердин ажырагыс бир бөлүгү. Стереотиптер болмоюн биз дос күтүп, конструктивдүү мамиле түзүп, бири-бирибизди жана айлана-чөйрөнү айырмалап бөлө алмак эмеспиз. Бирок адамдардын ири топтору үчүн терс стереотиптердин кесепети чоң. Ушул себептен улам адам өзүнө сын мамиле жасап, өзүнүн калыптанып калган пикирлеринин туура болуп-болбогону туурасында ойго батышы керек: алар башка адамдарды кандай абалда калтырууда? Ушул учурда окуучулар бири-бирине мүнөздөмө берүүсү керек болгон чакан көнүгүү аткарса болот. Тактага бир окуучу чыгат да, мугалим андан класста кимдин вегетериан болгонун баамдап көрүүсүн сурайт. Сенин оюңча, ким сериал көргөндү жакшы көрөт? Ким контрстрайк оюнун мыкты ойной алат? Башкача айтканда, окуучуда жетишсиз маалымат болсо да, классташтары жөнүндө ойлогон пикирлери, баамдоолору, божомолдору суралат. Андан соң класска кайрылып, аларды «баалап», тигил же бул категорияга таандык болгон божомол негизинде гана жыйынтык чыгарып койгон жакшы бекени суралат. Бул чакан көнүгүүнүн мааниси – жооп берген окуучунун канчалык туура тапкандыгында эмес, сырттан карап эле жыйынтык чыгаруу ошол кишиге да, сөз болуп жаткан адамдарга да көп ыңгайсыздыктарды жаратаарын түшүндүрүү. Дискриминациянын – адамдарды тигил же бул топко тиешелүүлүгүнөн улам белгилүү бир мүмкүнчүлүктөрдөн куру калтыруу экенин, көп учурда ал терс стереотиптердин негизинде пайда болоорун эскертүү маанилүү. Адамдарды бөлүп-жарууга тыюу салынган, «корголгон сапаттар» деп аталган бир катар сапаттар бар: жыныс, жаш-курак, ориентация, чектелген мүмкүнчүлүктөр, расалык жана/же этникалык таандыгы, дини. Бул сапаттар боюнча стереотиптер өтө кооптуу, андыктан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Колдон келишинче мугалим терс стереотиптердин кесепеттерин үлгү кылат: мисалы, Экинчи дүйнөлүк согушка чейин жана согуш мезгилинде жөөттөрдү куугунтукка алуунун ири тарыхый жаңжалдарга алып келгендиги. Лекция аяктаган соң мугалим класска «Күнүмдүк турмуштагы дискриминация» темасында дилбаян тапшырат. Дилбаяндын максаты – окуучулардын кыргыз коомчулугунда орун алган бөлүп-жаруу көрүнүштөрүн сүрөттөө. Дилбаянды өз алдынча жазуулары маанилүү, бул алардын ишенимдүү булактар аркылуу маалымат издөө жөндөмүн кыйла өөрчүтөт. Эгерде аларда дискриминациянын курмандыктары менен жолугуп сүйлөшүү мүмкүндүгү/каалоосу болсо, эң жакшы (мисалы, мектепте же үй-бүлөдө). Дилбаяндын аягында окуучу бул көйгөйдү чечүүдө жеке пикирлерин билдириши керек. Кийинки сабактардын бирин ушул дилбаяндарды талкууга арнаса болот. БУЛАК: Көнүгүү Даниянын Адам Укуктары Институту тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министирлигинин катышуусу менен Кыргыз Республикасасынын билим берүү мекемелеринин окуучулары менен иштөөдө колдлнуу үчүн ылайыкташтырылган.