Күндүн көпчүлүк бөлүгүн окуучулар мектепте өткөрүшөт. Алар түрдүү курактагы жана абалдагы адамдар менен курчалып, алар менен түрдүү (айрым учурда жөнөкөй эмес) мамиле түзүүгө аргасыз болушат. Андан дагы, аларды курчап турган адамдар көп учурда баарлашуу үчүн өздөрү тандаган эмес адамдар болуп чыгышат, бирок ошондой болсо да алар ушул адамдар менен мамиле түзүүлөрү керек жана чыр-чатактарды болтурбоого аракеттенишет. Ошентип окуучулар тек гана мектепке келип жана конкреттүү билим гана алышпастан, алар күн сайын түрдүү жана тез өзгөрүп туруучу социалдык чөйрөнүн бөлүгү болуп калышат. Окумуштуулар окууга жөндөмдүүлүктүн, бакубаттыкты сезүүнүн (дене бойлук жана психологиялык) жана коомчулукка таандыктын (комьюнити) ортосундагы үзгүлтүксүз байланышты аныкташкан. Ушул үч чөйрө үзгүлтүксүз байланышта жана бири-бирине түздөн-түз таасир берет. Бул окуучу канчалык күчтүү болбосун, мисалы, математикада, эгерде аны бардык класс басынтып жана танаписте шылдыңдап турушса, ал эч качан өзүнүн академиялык дараметин толугу менен ишке ашыра албайт. Ошондой эле академиялык билими чабал болгон окуучуну баамчыл жана тың педагог, жолдошторунун колдоосу көп жагынан өзгөртөт.
Бул мектеп жетекчилигинин алдына жана педагогикалык курамдын алдына оңой эмес милдетти коет, анткени «Мектептин ролу эмнеде?» деген суроонун үстүндө олуттуу ойлонууга мажбурлайт. Мектеп академиялык жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүгө көңүл бурууга же ошондой эле социалдык, жүрүм-турумдук жана тарбиялоо учурларына көңүл бурууга тийишпи? Эгер андай болсо кандай деңгээлде? Артыкчылыктарды кандайча сабаттуу түрдө коюп жана басым кылууну теңдештирүү керек? Мугалимдер менен ата-энелердин ортосундагы милдеттерди жана ролдорду кандайча бөлүштүрүү керек? Социалдык контексттердин саны өсүп жаткан кыйын учурда (социалдык тармактардын, глобалдашуунун жана маалыматка өтө көп жетүүнүн аркасында) бул суроолорду бербей коюуга болбойт. Төмөнкү так айтууга болот: мектеп көп мезгилден бери эле билим алуу булагы болбой калды (качандыр бир мезгилде болсо дагы). Мектеп – бул социалдык контекст, анда бала окуганды да, жазганды да, эсептегенди да, ошондой эле дос күткөндү да, сүйгөндү да, кечиргенди да, мамиле курганды да, келишим түзгөндү да жана чыр-чатактарды чечкенди да үйрөнөт.
Азыркы мезгилдеги мектеп кандай болсо да академиялык дагы, педагогикалык/тарбиялык иштерди дагы айкалыштырууга тийиш. Кыргыз мектептеринин контекстинде адам укуктары менен иштөөнүн академиялык багыттары «Класста иштөө үчүн көнүгүүлөрдүн мисалдары» деген буга чейинки бөлүмдө баяндалган. Бул бөлүмдөн Сиздер мектепте жагымдуу социалдык чөйрөнү түзүүнүн үстүндө педагогдор жана мектеп жетекчилиги кандайча иштей ала тургандыгына мисалдарды, ошондой эле жоопкерчилик, бирдиктүүлүк сезимдерин тарбиялоочу иш-чаралардын мисалдарын; балдарда өздөрүнүн маанилүү экендигин түшүнүүгө мүмкүндүк берүүчү (өзүн-өзү баалоону калыптандыруучу) иш-чаралардын мисалдарын таба аласыздар. Иш-чаралардын тизмеси ушул маселелер менен кандайча иштесе боло тургандыгынын мисалы гана болуп эсептелет. Ар бир мектеп өзүнүн педагогдору менен окуучуларына гана көбүрөөк туура келүүчү форматты табышы керек. Мисалдар Дания окутуу борборунун окуу куралынын негизинде Дания адам укуктары боюнча институту тарабынан көнүктүрүлгөн https://dcum.dk.
Бул бөлүмдө мектепте жагымдуу социалдык чөйрөнү түзүүгө, ошондой эле айлана-чөйрөнүн жагымдуулугуна окуучулардын жоопкерчилик сезимдерин жана өзүнүн тиешелүүлүгүн түзүүгө жана машыктырууга багытталган иш-чаралардын мисалдары келтирилген. Социалдык чөйрөнү да, физикалык чөйрөнү да биз өзүбүз түзөөрүбүздү жана анын сапатына жоопкерчиликти бардык катышуучулар тартышаарын түшүнүү окуучулар өздүк тажрыйбаларында баштан кечиришкенде гана келиши мүмкүн. Окуучуда жоопкерчилик сезимин, өзү жана өзүнүн жакындарына эң мыкты жашоо шарттарын түзүү үчүн курчап турган чөйрөгө жана жеке өзүнө эмпатияны тарбиялоо милдетин койгон мектеп ушул сапаттарды иш жүзүндө көрсөтүүгө жана пайда алып келүүгө чакырылган конкреттүү иш-чараларды жүргүзө албайт.
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн тармактарда дайыма жана узак мезгил бою болушу көптөгөн жакшы жана жаман кесепеттерге алып келет. Терс көрүнүштөрдүн арасында буллинг, басмырлоо, баланы социалдык коомчулуктан жана топтордон чыгаруу турат, бул депрессияга жана катуу кайгырууга, психологиялык стресстерге ж.б. алып келет.
Андан дагы, социалдык тармактарда «лайк басуу» маданиятын даңктоо жана жарнаманын (анын ичинде өзүн-өзү жарнамалоонун) сезилээрлик болушу жаштарда гипертрафирленген перфекционизмди жана дайыма «лайкта болууга» умтулууну тарбиялайт. Бул болсо өзүн-өзү баалоого жана сыйлоо сезимин тарбиялоого терс таасирин тийгизет.
Белгилүү болгондой, өзүн төмөн баалоо, депрессия жана командага/топко/класска таандык болуу сезиминин жоктугу ж.б. материалды кабыл алуу, үйрөнүү, жаттоо, көңүл буруу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет, бул окуу процессине чоң кедергисин тийгизет, ошондуктан мектеп үчүн бул маселеге өзгөчө көңүл буруу абдан маанилүү.
Мектеп бул тармакка өзгөчө көңүл бурушу мүмкүн.
Мисалы, ата-энелер чогулуштарында маселе көтөрүү; окуучуларга онлайн/социалдык тармактарда/санариптик баарлашууга жардам берүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгууга бүткүл педагогикалык курамды тартуу; мектеп педагогдор менен иштөө жана бул маселелерди чечүүдө алардын компетенцияларын өнүктүрүү үчүн психологдорду жана башка адистерди чакыра алат; ошол эле адистер окуучулар жана ата-энелер менен иштөөнүн варианттарын жана форматтарын сунуштай алышат; мектеп жана/же кээ бир класстар онлайн режиминде баарлашуу жана навигация үчүн эрежелердин топтомун иштеп чыгышы мүмкүн.»
Окуучулар кырдаалды мугалимдин катышуусу менен ойношот, ал мугалим диалогду улантып турууга тийиш. Ошондой эле, катышуучулардын ортосундагы диалог туңгуюкка кептелип калса, мугалим классты талкууга тарта алат.
Класстын чыныгы талуу жерлери менен ойнолуп жаткан кырдаалдын ортосунда өтө күчтүү окшоштуктарга жол бербөө абдан маанилүү. Тема канчалык оор болсо, класста күчтүү эмоционалдык толкундоолор болбошу үчүн диалогдо өтө алаксытылган түрдө теманын өнүгүүсүнө жол берүү ошончолук маанилүү. Мисалы, Сиз класста кимдир бирөө кордолуп жүргөнүн билсеңиз, аны буллингдин чыныгы курмандыгынын ролун ойноого тартпаңыз. Курмандыктын ролуна «колдоочулардын» бирин же «жөн эле байкоочуну» койсоңуз жакшы болот. Кандай болгон күндө да, ролдук оюндар бүткөндөн кийин окуучулардын эмоционалдык абалын кылдаттык менен байкап, бардыгы өзүн жакшы сезип, эч ким ыза болуп калбагандыгына ынануу керек.
Өтө курч темадагы диалогдор мектеп психологунун катышуусунда гана ролдук оюндар менен коштолгону жакшы. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикасы өтө алсыз, ошондуктан ролдук оюндар аркылуу кээ бир темаларды ойноодо кылдат болуу маанилүү. Бирок муну сөзсүз жасоо керек, анткени балдар жана өспүрүмдөр өздөрүнүн жана башкалардын проблемаларын чечүүдө сөздөрдү, жаңсоолорду, мимикаларды ж.б. колдонууга үйрөнүшү керек. Мында ролдук оюндар өтө зарыл.
Ата-энелер комитети мугалимдин ата-энелер менен иштөөсүндө эң маанилүү компонент болуп саналат. Ата-энелер комитетинин класс менен иштөөгө катышуусу мугалимдер менен ата-энелерди жакындатууга мүмкүнчүлүк берет. Ата-энелер окуу процессине катышып жаткандыгын сезишет, демек алар мугалимдерге көбүрөөк ишенип жана алардын көз караштарын үйдө колдой башташат. Анын үстүнө ата-энелер комитети мугалимдин ишин жеңилдетет, башкача айтканда анын ишинде «колуна кол, бутуна бут» болуп берет Мисалы, класстан тышкаркы иш-чараларды: эс алууну, экскурсияларды, таанып-билүү иш-чараларын уюштуруу үчүн ата-энелер комитетин тартууга болот. Окуучулардын ата-энелери ким болуп иштей тургандыгын билген жакшы. Балким алардын арасында сейрек кездешүүчү кесиптин ээлери же кызыктуу, таанып-билүү үчүн жерлерде иштеген адамдар бар. Алар менен кандайдыр бир сабактарды же ошондой кызыктуу жерлерге барууну уюштурууга аракет кылсаңыз болот.
Мугалим катары Сиз иштөөнү каалаган маселелерди ата-энелер комитетинин так түшүнүүсү маанилүү. Ал үчүн ата-энелерди мугалимдер жамааты өздөрү үчүн пландаштырган иш-чараларга кошуусу керек. Мисалы, мектепке буллинг же ювеналдык юстиция боюнча адис чакырылса, мындай иш-чараларга ата-энелерди да чакыруу мыкты болот. Ошентип Сиз бир тарапта болосуз.
Айрыкча социалдык чөйрөгө байланыштуу маселелерди талкуулоодо ата-энелер менен тыгыз байланышта болгон жакшы. Мисалы, мугалим окуучулардын ортосундагы чыр-чатак же класстагы буллинг тууралуу билсе, кээде аны класстан тышкары жерде чечүү бир топ жеңил болот, муну болсо ата-энелердин катышуусу менен гана жасоо керек. Эгерде ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы мамиле ишенимдүү болсо, анда окуучулардын проблемаларын да чечүү кыйла оңой болот.
«Биримдик күнү»: жылына бир жолу окуучулар сабактан бошотулат. Бул күнү алардын милдети – белгилүү бир кайрымдуулук уюму үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк каражат топтоо (алар менен алдын ала макулдашылат). Мисалы, Кызыл Крест/Жарым Ай коому, ВИЧ/СПИД борбору же ЮНИСЕФ. Балдар муну ар кандай жолдор менен жасай алышат, ар бир класс өзүнүн ыкмаларын ойлоп табат. Мисалы, алар бөтөлкөлөрдү же кагаздарды чогултушу мүмкүн; кол менен жасалган буюмдарды же лимонад сатуу ж.б. Бул иш-чарага ата-энелер жана мугалимдер активдүү катышат.
Бул бөлүмдө окуучулардын өздөрүнө "бийлик берилген" иш-аракеттердин мисалдары сүрөттөлөт. Бул методдун идеясы жана негизги артыкчылыгы – окуучулардын өздөрү иш-чараларды пландаштырууга жана ишке ашырууга катышат, бул баланын жоопкерчилик жана өзүн-өзү сыйлоо сезимин калыптандырат. Бул сапаттар баланын өсүп-өнүгүшүнө, ошондой эле мектептеги жалпы социалдык чөйрөгө жакшы таасирин тийгизет. Андан дагы, мындай иш-чаралар окуучулар менен мугалимдердин, ошондой эле мектеп жетекчилигинин ортосундагы диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү жакшыртат.
Бул иш-чараларда зарыл болгон тыгыз байланыш жана кызматташуу аркылуу окуучулар менен мугалимдер бири-бирин жакшыраак таанып, бири-биринин проблемаларын жана позицияларын мыкты түшүнө башташат. Бул мектептеги социалдык чөйрөгө оң таасирин тийгизген ишенимди жана өз ара урматтоону бекемдөөгө жардам берет. Окуучулардын өздөрүнүн катышуусу менен иш-чараларды өткөрүүнүн ар кандай форматтары бар. Төмөндө бир нече эле мисал келтирилген. Ар бир мектеп өз версиясын ойлоп табууга укуктуу.
Мугалимдин командасы менен иштөөдө өзүңдүн классыңдын проблемаларын жакшыраак түшүнүүгө болот, анткени мугалим дагы бир маалымат булагына жана диалог үчүн аянтчага ээ болот. Окуучуларда да жоопкерчилик сезими калыптанып, мектептин проблемаларын чечүүгө салым кошо алышат
Чоң балдар менен кенже курактагы балдардын адамдарга жардам берүүсүнүн ар кандай форматтарын ойлоп тапса болот, негизги принцип – чоң балдар жоопкерчилик сезимин (артыкчылык эмес) сезишет (жана өнүктүрүшөт). Бул иш-чарага мугалимдердин сөзсүз түрдө катышуусу маанилүү. Чоң балдардын ар бир тобу мугалим менен кызматташтыкта жана анын макулдугу менен иштеши керек.
Алардын милдеттеринин жыйындысы дайыма мугалим менен сүйлөшүп түзүлөт, анын аткарылышы мугалим тарабынан көзөмөлгө алынышы керек, ошондо чоң балдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кетпейт. Ошондой эле кичүүлөргө да, улууларга да чоң киши керек, себеби алар суроолору менен же оор кырдаалда ага кайрыла алышат.
Бул сүйлөшүүнү айыптоочу түрдөн урматтап-алдын алууга чейин кескин өзгөртөт, бул окуучунун проблеманы чечүү процессине кыйла активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана аны чечүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого түрткү берет. Бул метод «тарбиялык сүйлөшүүгө» караганда көбүрөөк эмгекти жана убакытты талап кылгандай, бирок натыйжасы жагынан ал убакытты үнөмдөйт, анткени маселени чечүү мүмкүнчүлүгү алда канча жогору.
Мектептин контекстинде бул эки тилди окуучулар менен түшүнүү жана аларды кийинчерээк айырмалап, "карышкырдын тилин" "акыранын тили" менен алмаштыруу үчүн аларды колдонууга үйрөтүү маанилүү. "Акыранын тили" - мен өзүм жөнүндө айтам, фактылар, сезимдер жөнүндө айтып, чечимдерди сунуштайм. «Карышкырдын тили» - мен сен жөнүндө айтам, чыр-чатактын тили менен сүйлөп, чабуул жасайм жана айыптайм.
«Акыранын тилинде» баарлашуу, Розенбергдин айтымында, ар кандай байланышта жөнөкөй алгоритмди колдонууну талап кылат. Бул алгоритм өзгөчө чыр-чатакка алып келиши мүмкүн болгон кырдаалдарда, мисалы, сүйлөшүү маектешинин ачуусун же катуу нааразычылыгын пайда кылган учурларда жакшы колдонулат.
Алгоритм ар кандай байланыш төрт компоненттен курулганын билдирет:
Учурда болуп жаткан сезимдерди билдирүү. "Мен сездим/кечээ сен айткандай..., мен сездим.../өткөн жумада мен... биз болгондо... сездим". Сезимди аныктоодо (кайгыруу, жинденүү, таарынуу, коркуу, кубануу) аны так билүү абдан маанилүү.
Адам айланасынан эмнени көрүп жатканын сүрөттөп берүү. "Кечээ отурганда.../өткөн жумада... болгонубузда/ бүгүн сен айтканда...". Конкреттүү кырдаалды жана убакытты майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп берүү маанилүү, антпесе маектешиңиз сизди өзү жөнүндө айтып жаткан экен деп ойлоп, коргонуу позициясын ээлейт.
Пайда болгон сезимдер менен байланышкан керектөөлөрдү түшүнүүгө аракет. "Бул мага ... жетишпегендиктен/бул ... мен каалагандыктан болушу мүмкүн". Бул сезим кандай муктаждыктан пайда болгонун түшүнүү жана түшүндүрүү маанилүү. Бул маектешке кеп анын бир нерсеге айыпталып жатканында эмес, сүйлөп жаткан адамга бир нерсе жетишпей жаткандыгын же анын башкача болушун каалап жатканын түшүнүүгө жардам берет.
Бул керектөөлөрдү канааттандыруу жана ошону менен жашоонун сапатын жакшыртуу үчүн жасалышы керек болгон иш-аракеттердин сүрөттөлүшү. "Ошондуктан мен ... болушу керек деп ойлойм/ Мен ... болушун сунуш кылам, биз.../кийинки жолу кыла албайбыз/мүмкүн эмес"
Алгоритмге ылайык курулган сөз айкашына төмөнкүлөр мисал болушу мүмкүн:
«Кечээ физика сабагынан кийин класстан чыкканыбызда калган сабактарда Оля менен чогуу отурам деп айттың. Бул мени абдан капа кылды, анткени бул эми дос болбой калганыбызды билдиреби, билбейм. Мен достукту улантууну каалайт элем. Айтчы, биз дагы эле доспузбу?”.
Мектепте зомбулуксуз баарлашуу көндүмдөрүнө машыгуу төмөнкү элементтерди камтышы мүмкүн:
Сөз байлыгы жана сезимдерди аныктоо боюнча иштөө – мисалдарды келтирүү, адабияттарды окуу, класстык талкуулар, фильмдерди биргелешип көрүү жана талкуулоо аркылуу;
алгоритмдин төрт пункту тең айтылып жана үйрөтүлгөн ролдук оюндар;
мугалимдер жана ата-энелер учун адистердин лекциялары
Кошумча адабияттар:
Концепция ненасильственного общения М. Розенберга (psyjournals.ru)
Розенберг М. Язык жизни: Ненасильственное общение = Nonviolent Communication: A Language of Life. — М.: София, 2009. — 272 с. — 2,000 экз. — ISBN 978-5-9125-0704-5.
Класс жетекчилик мектепте иштиктүү социалдык чөйрөнү түзүүнүн жана сактоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Класс жетекчи класс менен өзгөчө мамиледе болот, ар бир окуучунун кыйынчылыктарын жакшы билет жана түшүнөт жана аларды чечүүгө жардам берүүгө эң чоң мүмкүнчүлүгү бар.
Мектепте кыйла позитивдүү жана "жөнөкөй" чөйрөнү түзүүнүн бир ыкмасы - окуучулар сактоого тийиш болгон эрежелердин жана алар күткөн нерселердин ачык-айкын болушу. Ар кандай оюнда эреже белгисиз болсо жеңүү мүмкүн эмес. Кантип ойнош керек, оюндун максаты эмне, эмне кылбоо керек экенин так билүү керек. Мектепте да ушундай: окуучулар менен мугалимдер кандай эрежелер бар экенин, «желектер» кайда болорун жана бири-биринен эмнелерди күтөөрүн так билүүлөрү керек. Бул ыкма класс жетекчинин окуучулар менен эрежелерди жана мектептен алардан күткөн нерселерди айтып берүүсүн билдирет. Бул мектеп эрежелерин ачык айтуу (жана ал түгүл визуалдык түрдө кайталоо) жана бул ар бир окуучунун күнүмдүк жашоосунда кандайча ишке ашырылаарын талкуулоо сыяктуу түрдүү форматтарда жүргүзүлүшү мүмкүн. Ошондой эле мугалим окуучулардан өзүнүн күтүүсүн айта алат, мисалы, мугалим сабакта кандай иш-аракеттин формаларын колдонот (лекция; жеке иш; түгөйлөшүп же топтордо иштөө; үй тапшырмасы). Ар бир сабакта мугалим жогорудагы формалардын кайсынысы учурда колдонулуп жатканын айтат.
Ошентип мугалим менен окуучулардын ортосунда алдын ала баамдоо жана өз ара урматтоо атмосферасы түзүлөт. Мектепте окуучулардан эч бир каяша айтпастан өздөрү билбеген эрежелерди гана так сактоону талап кылышпастан, аларга мектепте эмне болуп жатканын да ТҮШҮНДҮРҮШӨТ. Натыйжада бул болсо окуучуларда (келечекте эрезеге жеткен жарандарда) “оюндун катышуучулары” катары ачык-айкындуулуктун жана жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн түшүнө турган укуктук маданияттын өнүгүшүн колдойт.